“Дон Карлос” операсынын премьерасы

“Астана Опера” театрынын сахнасында Джузеппе Вердинин легендарлуу чыгармасы. Борбордо көптөн күткөн “Дон Карлос” бетачары болуп өттү. Көрүнүктүү италиялык режиссер Дэвид Ливермор койгон дүйнөлүк классиканын шедеври 40 жыл ичинде биринчи жолу ата мекендик көрүүчүлөргө тартууланды.

ДАВИДЕ ЛИВЕРМОР, РЕЖИССЕР-КОЮУЧУ:

- «Дон Карлос – бул көрүнүктүү опера. Анткени ал адамдын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирген саякатчы болуп саналат. Джузеппе Верди операны музыкалык мааниде абдан мыкты жазган. Ушундай өзгөчө чыгармада адам көңүлүнүн багыттары абдан мыкты чагылдырылган.

Аткаруунун татаалдыгына карабастан, опера көрүүчүлөрдүн кабылдоосуна ылайыктуу. Анда тарыхый окуялар менен кошо, саясат жана дин, кооптонуулар менен келишпестиктер, бактысыз сүйүү жана кайгылуу өлүм камтылган.

Көркөм классикалык чебер Алан Бурибаевдин айтуусунда, “Дон Карлос” жалаң эле бай техника жана сахналаштырылган мүмкүнчүлүктөрдү эле эмес, буга катар жогорку тажрыйбалуу ырчылардын чоң курамын  да талап кылат.

АЛАН БУРИБАЕВ, ДИРИЖЁР-КОЮУЧУ:

- Тажрыйбалуу музыканттардан түзүлгөн чоң оркестрибиз бар. Мындай ири мүмкүнчүлүктөрү жок театрлар белгилүү “Дон Карлос” операсын кое албайт. Ошондой эле, өзгөчө үндүү солисттер керек. Анткени операны ойноодон мурун музыкалык партияларды аткаруу өтө кыйын. Бизде мунун баары бар. Техникалык жагынан да абдан татаал спектакль. Театр үчүн бул чоң жетишкендик деп саналат. Менин көз карашымда спекталь азыркы 21-кылымдын талабына ылайык, өтө жогорку талап менен негизделген.

Белгилей кетсек, спектакль симфониялык оркестр менен "Астана опера" хорунун катышуусунда өтүп жатат.

Фото: Хабар 24