Улуу талааны мекендеген казак эли каада-салттарга бай

Улуу талааны мекендеген казак эли каада-салттарга бай. Тарыхы тээ байыркы кылымдардан башат алган үрп-адаттардын ар кандай түрлөрү бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Байыркы жөрөлгөлөрдүн калдыктары Азия аймагында ушул күнгө чейин жакшы сакталып келет. Үрп-адаттардын көбү конок тосуу менен байланыштуу. Алардын катарында кыз узатуу, сөйкө салуу, наристенин кыркын чыгаруу, конок тосуу жана даам сыздыруу сыяктуу жаркын үлгүлөрү бар.

САРСЕНКҮЛ ЗИЯВДИНОВА, КЭА МҮЧӨСҮ:

- Ерулик – бул жаңыдан көчүп келген, канатташ конгон үй-бүлөгө мурунтан отуруктушкан коңшулары конок аш берет, даам сыздырып, ысык ыклас билдирет. Бул жаңыдан конуш алгандарга урмат көрсөтүү менен бирге жаңы чөйрөгө ылдам көнүп кетүү үчүн жасала турган ырым. Ушундай шарттарда дароо аралашып, көнүшүп кетүүнүн аркасында коңшулар бирдиктүү болот. Бул да казак элинин меймандостук касиетин көрсөтө турган жакшы салттардын бири.

Казак элинин каада-салттарынын тарыхы тереңде жатат. Алардын ар биринин руханий жактан маани-маңызы бар. Мисалы, сөйкө салуу – ар бир келин үчүн жашоосундагы маанилүү учурдун бири. Бул салт кудалар кыз алышканын так далилдеген чечүүчү келишим десек болот.  

САРСЕНКҮЛ ЗИЯВДИНОВА, КЭА МҮЧӨСҮ:

- Бул салт тууралуу айтсак, болочок келиндин үйүнө күйө жигиттин жакындары келет. Кыз бере турган жак да конокторун кенен дасторкон жайып тосуп алат. Эки жак таанышып, түбөлүк куда болуу ниеттери менен сыйлыктарын беришет. Бул тойдун алдындагы эки жактын келишими десек болот. Аталган салттын  эң негизги мезгили ал болочок келиндин кулагына сөйкө салуу аземи. Ушундай шарттарда жигит менен кыздын туугандары кызды алып кете турган күндү белгилейт.

Ар бир элдин башкы максаты – муундан-муунга мурас болуп кала турган маданий баалулуктарын даңазалап, улуттук салтты көздүн карегиндей сактоо. Кылымдар бою калыптанган салт-санааны жаңыртуу. Бул багытта казак элинин алган орду өзгөчө. Кийинки муун өткөндү кастарлап келе жатат.

Фото: toibiznes.kz