Вашингтондо Казакстандын жасалгалоо-колдонмо көркөм өнөрүнүн симпозиуму өттү

Вашингтондо Казакстандын жасалгалоо-колдонмо көркөм өнөрүнүн симпозиуму өттү

Вашингтондо «Казакстандын жасалгалоо-колдонмо көркөм өнөрү жана креативдүү экономикасы» симпозиуму болуп өттү. Форум А. Кастеев атындагы мамлекеттик көркөм өнөр музейи жана АКШнын Смитсонов институту, ошондой эле Казакстан Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Аталган иш-чара «Руханий жаңыруу» программасын ишке ашыруу алкагында Американын аудиториясына Улуу талаа элдеринин дүйнө таанымы менен баалуулуктарын, көчмөн маданияты менен ата-бабалардын тарыхый хроникасынын жылнаамаларын тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Айта кетсек, Скиф-сак көчмөн маданияты менен Улуу Жибек жолундагы кол өнөрчүлүк дүйнөнүн илимий жана музей коомчулугуна чоң кызыгуучулук туудурат.

ПОЛ ТЭЙЛОР, СМИТОНОВ ИНСТИТУТУНУН АЗИЯ МАДАНИЯТЫ ЖАНА ТАРЫХЫН ИЗИЛДӨӨ ПРОГРАММАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Абилхан Кастеев атындагы казак өнөр музейинин жасалгалоо-колдонмо өнөр симпозиумуна катышуу биз үчүн чоң урмат. Бул абдан маанилүү окуя, анда илимпоздор менен изилдөөчүлөр илимий жана инновациялык маселелерди талкуулайт. Мында казакстандык чеберлердин атайын көргөзмөсү өтүп жатат. Колдонгон материалдары менен өзгөчөлүгү жагынан бул көргөзмөнүн орду башка. Мен алгач ирет Кастеев музейине 1999-жылы баргам. Ошол кезден баштап кызматташтыгыбыз уланып келет. Сиздердин музей кызматкерлер Вашингтонго келип, ар дайым тажрыйба алмашып турат. Абилхан Кастеев атындагы музейди бул колдонмо өнөрдү изилдөөгө арналган керемет комплекс деп билем. Кызматташтыгыбыз уланат деп ишенем.

А. Кастеев атындагы музейдин мүдүрү Гүлмира Шалабаеванын айтымында, чет өлкөдөгү мындай конференция музей ишмердигинин тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана мындай диалог маанилүү болуп саналат. Ал кошумчалагандай долбоордун уландысы болушу керек.

ГУЛЬМИРА ШАЛАБАЕВА, А.КАСТЕЕВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЕЙДИН МҮДҮРҮ:

– “Руханий жаңыруу: глобалдык дүйнөдөгү заманбап маданият” программасынын алкагында биз чет өлкөлөрдө ушундай көргөзмөлөрдү уюштурууга мүмкүнчүлүк алдык. Бул жагдайда көпчүлүктү Казакстандын көркөм бейнеси менен тааныштырып гана койбой, ошону менен бирге Казакстандын салттуу маданиятына болгон кызыгуучулукту ойготууну кааладык. Ааламдашуу доорунда улуттук маданияттарга кызыгуучулук күчөп келүүдө. Мени менен бирге музей кызматкерлеринин бир тобу келген. Биз килем, кездеме, зергерчилик өнөр, оймо маанилери сыяктуу ар түрдүү темаларга баяндама жасадык. Серепчилер бирикмесинин кызыгуучулугун арттырып, адистер менен маектешкибиз келет. Бул биздин маданиятыбызга, тарыхыбызга жана өнөрүбүзгө илимий кызыгуучулук туудурат деп ойлойбуз.

Симпозиум Казакстан кол өнөрчүлөр бирикмесинин “Казакстан: Теңирдин жан дүйнөсү” салттуу казак өнөрү менен Craft2Wear Show алкагында өтүүдө. Жасалгалоо-колдонмо өнөр иш-чарасын жыл сайын Смитсонов институтунун аялдар комитети уюштуруп келет. Колдонмо көркөм өнөрдүн беделдүү аянтчасында АКШ менен дүйнөнүн уникалдуу сүрөтчүлөрү жана дизайнерлеринин эмгектери коюлган.

Фото: Хабар 24