ТҮРКСОЙ фото-сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу

ТҮРКСОЙдун мүчө мамлекеттеринин чыгармачыл фото-сүрөтчүлөрүнүн жолугушуусу Кыргызстандын Ош шаарында өтүүдө. “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” программасынын алкагында уюштурулган фото чеберлердин 16-салттуу шеринеси 9 өлкөнүн катышуучуларынын башын кошту. Бир нече күн бою алар Ош шаарынын тарыхый-маданий жана табигый кооз жерлери менен жакындан таанышууга, ошондой эле өзгөчө учурларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышат. Фото-сүрөтчүлөр өздөрүнүн эмгектерин көргөзмөнүн жыйынтыгында тааныштырышат.

АСКАР ТУРГАНБАЕВ, ТҮРКСОЙДУН КАЗАКСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ:

- Алар Ош шаарынын маданий жерлерин, элдерин, маданиятын тартышат. Башкача айтканда мында жашаган тирүү маданиятты, кол өнөрчүлүктү сүрөткө түшүрөт. Андан кийин алар мунун бардыгын өз каналдарында, веб-сайттарында көрсөтүшөт. Ошентип мунун бардыгы дүйнөгө жарнама болот.

Фото: kabar.kg