Димаш «ABU TV song festival 2019» фестивалында Казакстандын намысын коргойт

Димаш Кудайберген Токиодо өтө турган «ABU TV Song Festival» фестивалында Казакстандын атынан өнөр көрсөтөт. Ошентип, жапониялык күйөрмандар да казакстандык өзгөчө үн ээсинин талантына күбө болушат. Фестивалдын уюштуруучусу – Азия-Тынч океан кабар таркатуу биримдиги. “Хабар" Агенттиги анын курамына кирет. Концертте Азия-тынч океан аймагына кирген ар бир өлкөнүн мыкты артисттери өнөрлөрүн тартуулашат. Фестиваль атаандаштык мүнөздө эмес. Концертти “Хабар” телеканалынын эфиринен көрүүгө болот.

ДИНАРА БИСЕМБИНА, «ХАБАР» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биз Димаш Кудайбергендин Кытайда, Азияда чоң аудиториясы бар экендигин билебиз. Аталган фестивалды биздин агенттик көрсөтө турган болду. Ошондой эле, иш-чарага Корея, Жапония, Индонезия, Австралия, Түркия сыяктуу мамлекеттердин өнөрпоздору да катышат. Казактандын бул биримдикте болуусу – чоң мартаба жана бул фестивалда биздин жарык жылдызыбыз жетинин айынын 19да Токиодо өлкөбүздүн атын дагы бир жолу даңазалайт.

Фото: Instagram