«Астана Балет» театрында «Кончерто Барокко» спектаклинин премьерасы өттү

«Астана Балет» театрынын сахнасында «Кончерто Барокко» спектаклинин премьерасы өттү. Биринчи жолу 1941-жылы коюлган спектакль бүгүнкү күндө да өзөктүүлүгүн жоготкон эмес. Өзгөчөлүгү - «Кончерто Бароккодо» сюжет желеси жок. Атактуу бир актылуу балет борбордук көрүүчүлөрдүн назарына маэстронун шакирти, француз хореографы Нанетт Глушактын интерпретациясында сунушталды.

НАЗЕРКЕ АЙМУХАМЕТОВА, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН СОЛИСТИ:

- Аталган балетке болгону 2 убакыт берилген. Бирок НанЕтт ГлушАк менен болгон бирдиктүү жумуштун аркасында бизге жеңил болду. Анткени ал ар дайым бизге жардам берип, биз менен биргеликте иш алып барды жана бир нерсе туура эмес болуп жатса кеңештерин берип жатты.

ЗАУРЕ ҮМБЕТКУЛОВА, «АСТАНА БАЛЕТ» БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Биз бардык жанрда бийлейбиз. Тагыраак айтсам, биздин репертуарда классика, неоклассикада, модерн да бар. Ошондой эле, улуттук блок да абдан жакшы камтылган. Башкача айтканда, биз бардык жанрда иш алып барабыз.

Фото: tengrinews.kz