Улуу Британияда «Азия чокулары» сүрөт көргөзмөсү өттү

"Азия чокулары". Ушундай аталышта Улуу Британияда биринчи жолу Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Молдованын жана Орусиянын искусство чеберлеринин 50дөн ашык эмгеги коюлган көргөзмө өтүүдө. Казакстандык 15 сүрөтчү Лондонго пейжаз, экспрессионизм, портрет жанрында тартылган эмгектерин жиберген. Арасында Елена Фурса, Фариза Нурпанова, Бибигүл Смакова сыяктуу таланттуу сүрөтчүлөр бар.

МАРАТ АХМЕДЖАНОВ, ЕВРАЗИЯЛЫК ГИЛЬДИЯ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 4 жыл катары менен Борбордук Азия чыгармачылык адамдарынын башын бириктирип келебиз. Улуу Британия аймагында көргөзмөлөр, концерттер, китеп бет ачарларын өткөрүп жүрөбүз. Маселен, бугу айында Евразиялык кинофестиваль алгачкы жолу болуп өттү. Чыгыш Лондондогу Ромфорд аймагынын бийлиги колдоп, жергиликтүү элдин жылуу кабыл алгандыгын эскерип отуруп,  мында бир катар иш-чара өткөрүү үчүн кайтып келдик.

ГҮЛЗАДА ХАМРА, “АЗИЯ ЧОКУЛАРЫ” ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТОБУНУН ӨКҮЛҮ:

- Батыш өлкөлөрүнө биз Борбор Азияны кенен көлөмдө тааныткыбыз келди. Тубаса табиятыбызды, көчмөндөргө тиешелүү маданиятыбызды көрсөткүбүз келет.

Иш-чара жергиликтүү соода борборлорунун биринде уюштурулду. Бул жерде күн сайын 60 миңге жакын адам келет. Борбор азиялык чеберлердин эмгектери менен тааныша турган Лондон жашоочулары көп болот.

ДЖОНАТАН ФРАЕР, ИЗИЛДӨӨЧҮ:

- Сүрөттөрдүн көпчүлүгү Борбор Азиянын көздүн жоосун алган табиятын көрсөтүп жатат. Өзгөчө тоолорду, токойлорду жана айылдардын кооз көрүнүштөрүнө таң калдым. Сүрөтчүлөр өз эмгектеринде ички сырын да ачкандай таасир калтырат.

Photo: assembly.kz