Опера ырчысы Эрик Курмангалиевдин жаркын элесине арналган концерт

Борбор калаада опера ырчысы Эрик Курмангалиевдин жаркын элесине арналган концерт болуп өттү. Өтө бийик эркек үнүнүн ээси дүйнөнүн эң алдыңкы сахналарында өнөр көрсөтүп, операларды аткаруу менен бирге, өнөр сүйүүчүлөр коомун жеке программалары менен көп жолу кубантты. Репертуардын бир бөлүгү музыкалык кече программасына киргизилди. Дүйнөлүк классиканын шедеврлери менен ата мекендик авторлордун чыгармаларын Эрик Курмангалиевдин достору менен кесиптештери аткарды.

БАТЫРЖАН СМАКОВ, КАЗНУИ ХОР ДИРИЖЁРЛОО КАФЕДРАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Анын үнү рекорддор китебине киргизилген. Ал үчүн Шнитке өзү жазган. Бүгүн Орусиядан “Астана Опера” театрына анын достору, артисттери келишти. Бул белгилүү пианист Александр Котовщиков, сопрано Лариса Рудакова, Москванын чоң театрынын солисткасы. Ошондой эле, контр-тенор Рустам Яваев менен Олег Рябец. Көрүүчүлөр коомчулугу ушундай сейрек үн ээлеринин өнөрүнө күбө болуп, музыка кечесинен ырахат алганына ишенимдемин.

Фото: esquire.kz