Лондондо Евразиялык маданият жумалыгы өтүүдө

«Абай мурасы бир гана Казакстан элине эмес, бүткүл адамзатка орток. Анын ысымы жана чыгармалары англис акыны жана драматургу Шекспирдин эмгектери менен бир катарда турат». Бул – британиялык интеллектуалдык коомунун өкүлдөрүнүн пикири. Бириккен Королдуктун борборунда британия коомчулугу улуу Абай мурастарын талкуулашты. Казак ойчулу жана акындын 175 жылдыгына арналган иш-чара Евразиялык маданият жумалыгынын алкагында уюштурулду.

ДЖОН ФАРНДОН, ЖАЗУУЧУ:

- Абай коомдун алдыга жылышы үчүн көп нерсе жасады. Өзүнүн артынан өчпөс руханий мурас калтырды. Менин оюмча, Абайдын 175 жылдыгынын алдында анын чыгармачылыгы тууралуу Батышка көбүрөөк айтып, ысымын даңазалай беришибиз керек.

Жолугушууга Евразиянын көптөгөн өлкөлөрүнөн жазуучулар менен акындар келишти. Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Молдова мамлекеттеринин  өкүлдөрү Абайдын өткөн кылымда айткан ойлору азыркы учурда да өзөктүү экенин белгилеп өтүштү. Акындын чыгармалары жашоого кубат берет жана окурмандын дүйнө таанымын өзгөртөт, дешет коноктор. Казакстандык өкүлдөр өз учурунда Абайдын 175 жылдыгына мерчемделген иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

БАКТЫГҮЛ МАХАНБЕТОВА, ЕВРАЗИЯЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ГИЛЬДИЯНЫН МҮЧӨСҮ, АДАБИЙ АГЕНТ:

- Абайды изилдеп жүргөн биздин мыкты, казак адабиятынын өкүлдөрүнөн башка, бөлөк тармактын окумуштуулары да өздөрүнүн салымын кошуп жатат. Ушул Гильдия жумалыгында, адабият жумалыгында мен мыкты экономист Оразалы Сабден аганын эмгектерине токтолуп кетким келет. Ал Абайды өз алдынча изилдеп, Абай дүйнөсү аркылуу Казакстанды кантип жогорку деңгээлге көтөрүүгө болору тууралуу жазган эмгектери боюнча бөлүшкүм келип жатат.

Жолугушуунун аягында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Молдова жана Орусия сүрөтчүлөрүнүн «Азия чокулары» аттуу көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду. Бир жуманын ичинде лондондуктар кыл калем чеберлеринин 50дөн ашуун эмгектерин көрө алышат.

Фото: profilerussia.com