Казакстанда курулуш индустриясынын өнүгүшү

Курулуш индустриясындагы ата мекендик ишканалар экспорттук багыттарды жигердүү түрдө кеңейтип, Евразиялык биримдикте атаандаштык мүмкүнчүлүгүн арттырууда. Серепчилердин пикиринде, учурда Казакстандагы курулуш материалдарынын рыногу өнүгүү жолунда чоң дараметке ээ. Чийки зат базасынын жеткиликтүү болуусу өндүрүштүк күчтөрдү жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундайча компаниялар импорт алмаштырууга салым кошууда.

ЮЛИЯ ИВАНОВА, КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН ЧЫГАРУУЧУ ИШКАНАНЫН ӨКҮЛҮ:

- Биздин компания курулуш материалдарын, анын ичинде чатыр жана дубал панелдерин чыгаруу менен алектенет. Акыркы эки жылда биз Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан рынокторуна интенсивдүү чыгып жатабыз. Биздин өнүмдөрүбүз абдан чоң суроо-талапка ээ. Биздин товардын өзгөчөлүгү, биринчиден монтаждоо жеңил, тез салына турган имараттар, башкача айтканда, бул даяр дубалдар, даяр чатырлар.

АСКАР АЙТКОЖАНОВ, КАБЕЛЬ ЧЫГАРГАН ИШКАНАНЫН ӨКҮЛҮ:

- Энергияны көзөмөлдөө кабелдеринин түрдүү ассортиментин чыгарабыз. Бүгүнкү күндө чыгарылган өнүмдүн номенклатурасында 7000ден ашык марко-өлчөмдөр бар. Биз ата мекендик компаниялар өткөргөн кабель өнүмдөрүн сатып алуу учурунда импорттоо тууралуу бардык программаларга катышабыз. Экспорт – бул бизге жакынкы өлкөлөр. Атап айта турган болсом, Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын бир бөлүгү.

Курулуш индустриясындагы соңку тренд – «жашыл» курулуш жана энергияга пайдалуу технологияларды колдонуу. Башкы жетишкендик коммуналдык кызматтардын наркын, ошондой эле, энергия тармагына түшкөн жүктүн төмөндөгү. Азыр өлкөдө алдыңкы катардагы европалык иштеп чыгуулар гана кабыл алынууда. Бул күн панелдери, жылуу сордургучтар, автономдуу күн станциялары жана дагы башкалар. Бирок «жашыл технологияларга» деген кызыгуучулук жыл сайын артып келүүдө.

АЗАМАТ ЫСКАКОВ, ЖАШЫЛ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ОРНОТУУ БОЮНЧА КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ:

- Кеңдиги абдан чоң. Эң башкысы – мунун бардыгы Казакстанда пайдалуу иштетилүүдө. Албетте, биз түштүккө басымды көбүрөөк коёбуз. Түштүктө күн шооласы тийип турган жерлер көп. Түштүктө, чыгышта, батышта да киргизүүдөбүз. Дал ушул убакытта чет өлкөлүк технологияларды колдонобуз. Анын ичинде немистин, австриянын технологияларын. Анткени Германия азыр 50 пайыз жашыл технологияларга өткөн мамлекет.

Фото: ais.by