Чымкентте “Бекзат” фильминин премьерасы өттү

Чымкентте “Бекзат” көркөм фильминин жабык көрсөтүүсү өттү. “Хабар” Агенттигинин тапшырмасы менен тартылган кинокартина мындан 19 жыл мурун Сидней олимпиадасында чемпион аталып, алтын медаль тагынган казактын баатыр уулу Бекзат Саттархановдун камчынын сабындай гана кыска өмүрү тууралуу баяндалат. Бул спортчу тууралуу алгачкы бейнелик драма.

РИНАТ КЕРТАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биз атайын жаштар жылына карата Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ушундай долбоорду колго алып, көрүүчүлөргө тартуулоону чечтик. Эгер Бекзат тирүү болгондо келерки жылы 40 жашка чыкмак. 19 жыл ичинде анын изин баскан жаш булгаары колкап чеберлери, бардык спортчулар анын жетишкендигинин формуласын туу тутуп, урмат кылып келет.

Өмүр баян тууралуу тасмада башкы ролду актёр Самат Азимкулов ойногон. Ал кикбоксинг боюнча жаштар арасында эки жолу Казакстандын чемпиону болгон.

САМАТ АЗИМКУЛОВ,  АКТЁР:

- Мен тасмага бала кезден баштап келдим десем болот. Анткени Бекзат менин бала кездеги кумирим эле. Аны изилдеп жүрүп өстүм. Буга классташтарым күбө. Аларга 8-9-класста окуп жүргөн кезде Бекзат ага тууралуу тасмага тартылсам деп  айтаар элем.

Кинокартина бардык көрүүчүлөргө жагып, эч кимди кайдыгер калтырган жок. Ошондой эле, алар фильм бир дем менен көрүлө тургандыгын белгилешти. Ал эми тогуздун айынын 2синен баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларында «Бекзат» тасмасы көпчүлүккө тартууланат.

Фото: Хабар 24