«Томирис» тасмасы көрүүчүлөргө багыт алды

Мындан эки жарым жыл мурда бул тасма идея гана болгон. Ал эми, бүгүнкү күндө толук метраждуу картина катары көрүүчүлөргө багыт алды. Сак канбийкеси тууралуу «Томирис» тасмасында биздин заманга чейинки VI кылымда болгон окуя баяндалат. Кичинекей кыздан кайраттуу жоокерге айланган, жакындарынан айрылып, саткындардан өчүн алган жана сак урууларын бириктирип, улуу талаанын аты уламышка айланган Томирис канбийкесинин тагдыры бүтүн бир тасмага негиз болду. Ал сүйүү менен өз калкынын боштондугу үчүн ошол замандагы эң азаптуу согушта Фарс империясынын падышасы Кир менен согушат. Картинанын сценарийин жазууда тарых атасы Геродоттун эмгектери пайдаланылган. Долбоорго окумуштуу-кеңешчилер атайын тартылган.

АКАН САТАЕВ, «ТОМИРИС» ТАСМАСЫНЫН КОЮУЧУ РЕЖИССЁРУ:

- Биздин тарыхчы-кеңешчибиз Алмас. Биз аларсыз бир дагы кадам жасаган жокпуз. Сценарий жазууда да, тартуу аянттарында да кеңешчилерибиз менен кеңешип, болушунча тарыхка дал келтирип тартууга аракет кылдык. Биздин тарыхчы-кеңешчилерибиз бир гана мени менен эмес, биздин костюм-дизайнерлерибиз, сүрөтчүлөрүбүз, сүрөтчү-коюучуларыбыз менен иш алып барышты. Менин оюмча бул тарыхый эмгек.

ЕРКЕБУЛАН ДАЙЫРОВ, АКТЁР:

- Бул жалпы түрк тилдүү элдерге орток тасма деп ойлойм. Эл башыбыздын колдоосу, кайрылуусу менен руханий тасмаларды, элдин патриоттук сезимдерин ойгото турган тарыхый эмгектерге терең маани берилип жатат. Албетте бул абдан кубандырат жана бул жараян улана берсин деген тилектемин.

Идеянын автору – Алия Назарбаева. Тарыхый драма өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин буйрутмасы менен тартылды. 

Фото: esquire.kz