«Астана Опера» театрынын жаңы кезеңи

Дүйнөгө белгилүү пианист Людвиг Ван Бетховендин сүйүү менен өмүр сырлары тууралуу уникалдуу спектаклин «Астана Опера» театры көпчүлүктүн назарына сунуштоого даярданып жатат. Немис хореографы Раймондо Ребек жетекчилиги менен даярдала турган спектаклдин премьерасы кийинки жылга мерчемделген. Иш-чара улуу композитордун 250 жылдыгына карай уюштурулат.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бүткүл дүйнө белгилей турган майрамдык иш-чарага биз да катышсак деген ой жаралды. Мерчемделген спектакль «Астана Опера» труппасы үчүн таптакыр жаңы. Бул иш-чара бирдин айына мерчемделген.

Театрдын жетинчи кезеңи борбордук көрүүчүлөрдү балет спектаклдери менен гана эмес, опералык премьералары менен да кубандырат. Ошондой эле, Орусиянын эки шаарына гастролдук сапары мерчемделген. Ал эми алдыдагы айларда борбордук театр сахнасында эки премьера күтүлүүдө. Ал француз балетмейстери Ролан Петинин «Копелиясы» жана Джузеппе Вердинин белгилүү «Дон Карлос» операсы.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Пландарыбыз көп. Жалпы, бизде жылына эки жаңы спектаклден даярдалат. Өткөн жылы, башкача айтканда дал ушул жылдын кезеңинин аягында «Жизель» премьерасы коюлду. Кийинки жылы да мазмундуу болот деп күтүлүүдө. Менин оюмча, эки премьера да эң жакшы деңгээлде өтөт. Биздин милдетибиз – казакстандык балетти бүткүл дүйнөгө таанытуу. Анткени бул жерде жаш жамаат, бардыгы жаңы.

Фото: astanaopera.kz