Нур-Султан шаарынын «Куурчак театры» 10 жылдыгын белгилейт

Нур-Султан шаарынын куурчак театры 10 жылдык мааракесин белгилөөгө даярданып жатат. Бул белгилүү датага карай борбордо эл аралык фестиваль уюштуруу мерчемделген. 2010-жылы түзүлгөн өнөр борборунун жамааты ушул убакыттын ичинде далай бийиктикти багындырды, дүйнөлүк деңгээлге чыкты. Эл аралык кызматташтык орнотуп, Италия жана Түркия театрлары менен достук карым-катнашты бекемдөө тууралуу келишим түзүштү. Ал эң биринчи кичинекей көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындыра алды. Бүгүнкү күндө «Куурчак» театрынын сахнасынан төл уламыш-жомоктор менен бирге, чет өлкөлүк жана ата мекендик заманбап чыгармаларды да көрүүгө болот.

КУРАЛАЙ ЕШМУРАТОВА, «КУУРЧАК ТЕАТРЫНЫН» КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биздин репертуарыбызда 24 коюлум бар. Алар ар кайсы жаш деңгээлдеги көрүүчүлөргө арналган. Биздин театр 10 жылдын ичинде кичинекей көрүүчүлөргө гана арналган спектаклдерди коюп келген болсок, акыркы жылдары биз улуу муунга арналган программаларды даярдап жатабыз. 2015-жылы «Куралайды» койгонбуз, 2020-жылы театрдын 10 жылдыгына карай дагы бир фестивалды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз.

Фото: astana.gov.kz