Ата мекендик хореографиянын ийгилиги мол

Казак улуттук хореография академиясынын бийчилери өткөн жылы дүйнөлүк сынактарда 16 жогорку сыйлыкка ээ болушкан. Жаш балетмейстерлер 14 эл аралык мелдешке катышып байгелүү орундарды ээлешти. Алардын катарында германиялык Танцолимп, Италия менен Латвиядагы салттуу сынактар жана латын америка бийинен Кытайда өткөн сынак бар. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайында 525 жаш артист билим алып жатат. Акыркы 3 жыл ичинде академия өнөр университеттери менен ар тараптан байланыш орнотууга жетишкен.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, КАЗАК  УЛУТТУК ХОРЕОГРАФИЯ АКАДЕМИЯСЫНЫН РЕКТОРУ:

- Биз КМШ жана Батыш өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлар менен биргеликте академиялык бүтүндүк боюнча келишимдерге кол койдук. Өз ара студенттерди алмашуу тажрыйбасын да киргиздик. Чет мамлекеттерден билимдүү адистерди чакырып, чеберчилик класстарын өткөрөбүз. Биринчи жолу биздин адис Жапониянын Киото шаарына барып, тажрыйба алмашты. Бул салтты ушул жылы да улантабыз.