«Алтын адам» Анадолуда

Түрктүн төрүндө «Улуу талаа: тарых менен маданият!» Көргөзмөсү ачылды. Анда өлкөнүн эң көрүнүктүү тарыхый мурасы – «Алтын адам» тааныштырылды. Баалуу экспонат Европанын эң мыкты деп таанылган Анадолу цивизилизациялуу музейине коюлду.

АБЗАЛ САПАРБЕКУЛЫ, КАЗАКСТАНДЫН ТҮРКИЯДАГЫ ТОЛУК ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКТУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Казакстандын бай маданий тарыхын таанытуу көз карашынан Улуу Талаанын маданиятын таанытуу максаты өзгөчө мааниге ээ. Бирок экинчи жагынан бул боордош түрк эли менен эки ортодогу маданий байланыштарыбызды көрсөтүү көз карашынан абдан маанилүү. Себеби, Анадолу маданияты өзгөчө бай. Түрк тарыхынын ар кандай этаптары бар.

АРЫСТАНБЕК МУХАМЕДИУЛЫ, РКНЫН УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН МҮДҮРҮ:

- «Алтын адам» өлкөнүн бай тарыхынын символу. Башкысы, ар түрдүү иш-чаралар өлкөнү тааныштыруу көз карашынан маанилүү. Мамлекет башчысынын колдоосу менен башталган “Алтын адам дүйнө музейлерине которуу” чет өлкө жарандарынын өлкөнүн терең тарыхына сүңгүп кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмө өткөн Анадолу цивилизация музейи – Түркиянын эң ири экинчи музейи. Мында түрдүү мезгилдин 200 миңге жакын тарыхый экспонаты сакталган. Ошондуктан шаарга келген алыс – жакын өлкөлөрдүн туристтери ушул жерден кыйгап өтпөйт. Бул да казак талаасынын тарыхын тек гана түрк журтуна эмес, дүйнө элдеринин көрүүсүнө мүмкүндүк берет.

КРИСТИНА СТЮАРТ, АМЕРИКАЛЫК САЯКАТЧЫ:

- 20 жылдан ашык убакыттан бери Америкада жашайм. Өзүм Алматыда төрөлгөм. Түркияга келип, туулган жердин көргөзмөсүнө катышканыма кубанычтамын. Көк туубузду көрүп, сагынычымды баскандай болдум.

ДЖЕЙС МЭНСОН, АМЕРИКАЛЫК:

- Казакстан жөнүндө билбейт элем. Музейге келип Анадолу тарыхы менен бирге, казак тарыхына да күбө болуп отурам.

Көргөзмөгө Улуттук музей фондунан 200дөн ашык буюм коюлду. Казактын баалуу экспонаттары Анадолу жеринде тогуздун айынын 12не чейин болот.

Фото: nsk.kp.ru