«Жизель» балети жаңы жагынан таанылды

Өлүмдү жеңген сүйүүнүн кудурети. Нур-Султанда жакшылык менен  залимдиктин тогошуусун, ак менен каранын кагылышын бий менен көрсөткөн дүйнөлүк классикалык балеттин берметти сахналаштырылды. «Астана Опера» театрынын репертуардык фондундагы «Жизель» спектакли жергиликтүү өнөр сүйгөн коомдун жүрөгүн дагы бир жолу багындырды. 1841-жылы тушоосу кесилген спектакль бүгүнкү күнгө чейин дүйнө сахналарынан түшпөй келет. Эки актыдан турган балет эмгеги Генрих Гейненин байыркы токой перилери уламышынын негизинде түзүлгөн. Элес кыздар окуясынын музыкалык коштоосу обончу – Адольф Адандын эмгегинин жемиши. Байыркы балет жаңы жагынан ачылды. Болгону бул жолу романтизмдин бийик чокусуна айланган уламыштын жандуу жана поэтикалык руху гана өзгөрүүсүз калды. Коюучу балетмейстер – Алтынай Асылмуратова. Өз убагында белгилүү балерина «Жизель» партиясын аткарган.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, КОЮУЧУ БАЛЕТМЕЙСТЕР:

- Биз классикалык мурасты көздүн карегиндей сактоо керек экенин түшүнүү менен өстүк. Ошондуктан салттуу балеттин ичинде «Жизель» биз үчүн абдан баалуу. Ушундай улуу чыгарманы «Астана Опера» театрынын сахнасында коюу үчүн узак даярдандык. Бул күндү чыдамсыздык менен күттүк. Ошондуктан спектаклдин романтикалык рухун сактап көрүүчүгө жеткирүү камында коюучу сүрөтчүлөр жалпы жамааты менен  туруктуу жумуш аткардык. Бул иш биздин колубуздан келди деп эсептейм.

Фото: Хабар 24