Нур-Султанда Astana Media Week жумалыгынын экинчи күнү өтүп жатат

Нур-Султанда Astana Media Week жумалыгынын экинчи күнү өтүп жатат. Бүгүн серепчилердин талкуусуна жарнама жана аны маалымат каражаттарына таратуу темасы сунушталды. Ошондой эле, жарнама рыногу, маркетинг боюнча чеберчилик дарстар уюштурулду.

АЛЬП ТАНЫР, ПРОДЮСЕР / ТҮРКИЯ:

- Бүткүл дүйнөдө телевидение маанайды көтөрүүчү контент катары кабыл алынат. Ал эми, казакстандыктар азыркы күнгө чейин сыналгыны жаңылыктардан кабардар болуу үчүн колдонушат. Ошондой эле казакстандык телевидение тармагы ушул жол менен өнүгөт деп ойлойм. Ошентсе да, маанайды көтөрүү контентин да өнүктүрүү маанилүү. Ток-шоу, сериалдар, ушунун баары иш күнүнөн кийин эс алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, бүгүн «Хабар» агенттигинин жаңы сезону расмий түрдө тааныштырылат. Катышуучуларга ар кандай жанрлардагы тасмалар менен телесериалдар, программалар, ток-шоу жана башка долбоорлор сунушталат. Белгилей кетүүчү жагдай, «Хабар» агенттигинин контентине жана өнүмдөрүнүн сапатына суроо-талап бар. Бүгүнкү күндө аны Орусия, Кытай, Моңголия, Татарстан жана Өзбекстан телеканалдары сатып алган.  

ДИНАРА АБАКАЕВА, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА ДИСТРИБУЦИЯ БОЮНЧА ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Быйыл өзбек рыногу бизден үч телесериал сатып алды. Бул «Эне жүрөгү», «Эне» жана «Ага» сериалдары. Аларды өзбек көрүүчүлөрү жылуу кабыл алышты. Рейтингдери жакшы.

Эскерте кетсек, жумалыкка ата мекендик жана чет өлкөлүк медиаиндустриянын 60 ашуун топ-менеджери катышууда. Бул былтыркы жыл менен салыштырганда алда канча көп. Быйыл форумга эки миңге жакын катышуучу чогулду. Astana Media Week эртең да уланат, жыйынтыктоочу тема масс-медиа контенти болот.

Фото: express-k.kz