Москвада Казакстан тасмаларынын күндөрү өтүүдө

Москвада Казакстан тасмаларынын күндөрү өтүүдө. Иш-чаранын алкагында эки ата мекендик тасма москвалык көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды. Алардын бири – америкалык режиссёр Джефф Веспанын «Амре» картинасы. Тасмада казактын алтын үндүү ырчысы Амре Кашаубаевдин жаркын, бирок кыска жана табышмактуу түрдө үзүлгөн өмүрү тууралуу баяндалат. Аны менен катар, режиссёр  Рүстем Абдирашевдин «Казак хандыгы. Алтын так» тасмасы сунушталат. Картина – тарыхый трилогиянын экинчи бөлүмү.

РҮСТЕМ АБДИРАШЕВ, РЕЖИССЁР:

- Биз азыркы көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алуу үчүн алардын баяндоо стилистикасына, баяндоо ыргагына жакындай түштүк. Бул чоң жана татаал жумуш. Интернет желесинде биринчи серия, алгачкы сезон ийгиликтүү өттү. Аны Якутия, Стамбул, Греция, Армения көрүүчүлөрү көрүүгө жетишти. Бул ар бир улуттун тарыхы деп ойлойм. Ошондуктан эл өз тарыхын жакшы таанып-билиши үчүн картинаны жакшылап чыгаруу керек.

Фото: inform.kz