“Каламгер” тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү

Нур-Султанда “Каламгер” толук метраждуу тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Аталган картина “Хабар” Агенттигинин буйрутмасынын негизинде Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин колдоосу менен тартылды. Бул идея “Руханий жаңыруу” программасынын жана “Улуу Талаанын жети кыры” аттуу макаланын алкагында ишке ашты. Эскерте кетсек, бул эмгек өткөн кылымдын 70-80-жылдарында өмүр сүргөн акын-жазуучулардын жашоосу жана ишине арналган. Картина көрүүчүлөрдү өткөн кездердеги Алма-Атага жетелейт. Бул эмгекке ошол кездердеги Казак ССРнин борборунун архивдик видеолору көрк кошот. Авторлордун айтымында, тасманын негизин чыныгы окуялар түзгөн.

РИНАТ КЕРТАЕВ, “ХАБАР” АГЕНТТИГИ” АК” БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Окуя Алматы шаарындагы “Каламгер” кафесинде өрчүйт. Ал жерде эс алуу күндөрү белгилүү маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар чогулуп, коомдо болуп жаткан маанилүү кырдаалдарды, казак эли менен казак адабиятынын өзөктүү маселелерин талкуулашкан. Тилекке каршы, Совет кезинде тыюу салуулар менен цензура көп болгондуктан, өзөктүү маселелер, казак адабиятынын тренддери ачык аянттарда талкууланчу эмес.

СЕРЖАН ЗАКЕР УУЛУ, КАРТИНАНЫН СЦЕНАРИСТИ:

– Ошол убакта көпчүлүк жазуучулар казак адабиятын өнүктүрүүгө алгылыктуу салым кошушкан. Советтик цензуранын катаал болгонуна карабастан, Есенберлиндин “Көчмөндөрү», Сулейменовдун “АЗиЯ» чыгармалары жарыкка чыккан. Тактап айтканда, алар ошол мезгилдин курмандыктары болушкан.

Белгилей кетсек, тасманын премьерасы Казакстандын кинотеатрларында аяк оонанын 12нен баштап коюлат. Ал эми «Хабар» телеканалынын эфиринде тасма бештин айында көрсөтүлөт. Мындан тышкары, агенттик долбоордун бир нече нускасын иштеп чыгууну көздөп жатат.