Абиш Кекилбаевдин 80 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет

Быйыл Эл жазуучусу Абиш Кекилбаевдин 80 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет. Улуу жазуучунун урматына арналган майрамдык иш-чаралар тогуздун айынын 10-12сине мерчемделген. Абиш Кекилбаевдин эмгек жолу менен чыгармаларын даңазалоо үчүн адабият жана өнөр кызматкерлеринин Конгресси өтөт. Ага Европа, Жапония, Түркия мамлекети менен коңшулаш Орусия өлкөсүнөн окумуштуу, изилдөөчүлөр чакырылат. Актауда жаңыдан курулган маданий борбордо Абиш Кекилбаев атындагы тарыхый-чөлкөм таануу музейи ачылып, жазуучуга эстелик тургузулат. Заманыбыздын залкар жазуучусунун 80 жылдыгына арналган саамалыктар бештин айынын алтысында Нур-Султан шаарында уланат.

КАНЫБЕК ЖУМАШЕВ, МАҢГЫСТОО ОБЛУСУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул болгону башталышы. Абиш Кекилбаевдин экинчи өмүрүнүн башталышы десек болот. Биз дал ушул майрамдан баштайбыз, аталган саамалыктан Абиш Кекилбаевдин дүйнөсүн таанып, аны бардык чөйрөдө жана өлкөнүн жалпы жашоочуларына даңазалайбыз. Белгилей кетсек, биздин саамалыктар тогуздун айынын онунда башталат.

Фото: inform.kz