Калиолла Ахметжандын «Убакытка саякат» көргөзмөсү

Улуу талаа өлкөсүнө саякат жасап, казак баатырларынын күжүрмөн рухун сезүү. Калиолла Ахметжандын «Убакытка саякат» көргөзмөсүн көргөн өнөр сүйүүчүлөр коому ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болду. Экспозиция чебердин чыгармачылык кызматынын 40 жылдыгына жана 70 жылдык мааракесине арналган. Келүүчүлөр назарына түрдүү жанр менен техникада аткарылган чыгармалар тартууланат. Болжол менен жүз картинадан автордун чыгармачылык жолунун түрлүү кезеңдерин байкоого болот. Арасында тарыхый китептерге салган сүрөттөрү, мультипликациялык фильмдерге арналган эскиздери, түпкү казак баатырларынын аскерий соот-шаймандарынын тарыхий реконструкциялары бар.

КАРИНА БЕРКЕНОВА, РК УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Калиолла Ахметжандын илимий изилдөө иштери менен алектенгенине көп убакыт болду. Балким ал казак баатырларынын куралдануу тарыхын изилдөө менен алектенген жалгыз адистир. Ушул жерде анын илимий иштери да коюлду.

Калиолла Ахметжандын чыгармалары окшош техникада аткарылган. Аны чебердин өзү ойлоп тапкан. Сүрөтчү боёк катмарларын ныктап басуу менен бейне жасайт. Натыйжада бурчуна жараша чыгармаларды курууда колдонулган көркөм эффекттерди ар кандай көрүүгө болот. Сүрөтчү өткөн дүйнөнүн сулуулугун ушундай жол менен жеткирүүнү тандап алган.

КАРИНА БЕРКЕНОВА, РК УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРИ:

- Мисалы, сүрөтчүнүн тартуу техникасы. Ал мозаикага окшош. Ошондой эле, бардык иштеринен сак доорунун элементтерин, алтын буюмдарды көрө алабыз.

Калиолла Ахметжандын иштери Казакстан менен Орусиянын алдыңкы музейлеринин фонддорунда, ошондой эле, Англия, АКШ, Швеция, Пакистан, Германия, Иран жана Жапониянын жеке коллекцияларында сакталуу.

Фото: egemen.kz