Швецияда казак фильмдердин фестивалы өттү

Швецияда казак кино тасмаларынын фестивалы өттү. Чет элдик күйөрмандардын назарына казакстандык киноиндустриянын дараметин көрсөткөн түрдүү жанрдагы сегиз чыгарма тартууланды. Арасында эл аралык сыйлыктардын ээлери аталган белгилүү тасмалар да бар. Бул “Музбалак” анимациялык фильми, Ерлан Нурмухамбетовдун “Жаңгак дарак” чыгармасы, Акан Сатаевдин “Энеге алып барган жол” тасмасы. Стокгольмдогу фестивалды Шакен Айманов атындагы “Казакфильм” киностудиясынын, өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин жана Швециядагы элчиликтин колдоосу менен Швециядагы Казакстан жаштарынын бирикмеси уюштурду. Ошондой эле, фестиваль коноктору Казакстандын көркөм табиятынын фото-сүрөттөрү, казактын улуттук кийимдери сунушталган көргөзмөгө күбө болушту.

Фото: juldyz.kz