“Астана Опера" театрында Контрабаска арналган музыкалык кече өттү

«Контрабаска арналган музыкалык кече». “Астана Опера" театрынын камералык залында аспаптык кече болуп өттү, анда угуучуларга өзгөчө тембр жана ушул музыкалык аспаптын кеңири мүмкүнчүлүктөрү тартууланды. Дабышы эң төмөн угулган аспап деп саналган контрабастын жеке концерттери сейрек өтөт. Кечеде Джованни БоттезИни, Франк ПрОто, Руджеро ЛеонкавАлло, Мануэль ПонсЕ жана албетте казак музыкасынын классиги Газиза Жубанованын чыгармалары жаңырды. "Астана Опера" оркестри менен концерттин коногу – эл аралык сынактардын лауераты Алмас Байгожин өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин көрсөттү.

АЛМАС БАЙГОЖИН, КОНТРАБАСИСТ:

– Джованни Боттезининин чыгармасы, улуу контрабасты аткаруучу, 18-кылымдын виртуозу болуп саналат. Ал контрабаска скрипка, оркестр менен дуэт жазган. Бул чыгарма скрипка менен атаандаша турган аспап боло алат, мындай денгээлде контрабас мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Эки ноталуу, арпеджио, жаркыраган пассаждар аткарылат да, төрт октавга чейин барат. Кээде кадимки контрабас скрипкадан да бийик үн чыгарат.

Фото: vsluh.ru