Нур-Султанда Азия өлкөлөрүнүн жазуучуларынын биринчи форуму өтөт

Казакстандын борборунда аяк оона айынын төртүндө Азия өлкөлөрүнүн жазуучулар форуму башталат. Жыйынга 44 мамлекеттин өкүлү, анын ичинде дүйнөдө абройлуу эл аралык сыйлыктардын ээлери, Жазуучулар биримдиги менен ассоциацияларынын төрагалары катышат. Чет өлкөлүк калемгерлер менен жолугушууда казакстандык жазуучулар дүйнөлүк адабий жараяндарга тиешелүү бир нече маселелерди талкуулашат. Ошондой темалардын бири – адабий агенттер мектебин түзүү, дейт акын Бауыржан Жакып.

БАУЫРЖАН ЖАКЫП, КАЗАКСТАН ЖАЗУУЧУЛАР БИРИМДИГИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ОРУН БАСАРЫ, АКЫН:

- Бүгүнкү күндө адабий агенттердин институтун түзүү муктаждыгы пайда болду. Авторлорду жана алардын долбоорлорун  идеядан баштап, китеп текчесине жеткенге чейин коштоп жүрө турган менеджерлер керек. Алар кеңеш берип, фокус-группаларды чогултат. Дал ошондо чыгармалардын сапаты алда канча өсөт.

Поэзия дүйнөсүндө өздүк кол тамгасы бар акындын коомдук желеде 3 миңден ашуун окурманы бар. Бул замандын талабы. Ошондуктан, казак адабияты да заманбап ыкмаларды өздөштүрүшү керек, дейт акын. Ал эми эртең баштала турган форум Азия аймагында жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы адабий-маданий байланыштарды бекемдөө менен бирге, Казакстандын адабиятын, руханий баалуулуктарын даңазалоого, адабий жараяндардын өнүгүшүнө тиешелүү тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.