Корей өлкөсүнүн салттуу ырлары Казакстанда

Быйыл Казакстан менен Корея стратегиялык шериктештиктин 10 жылдыгын белгилеп жатат. Аталган майрамга карай Казакстандын башкы шаары Нур-Султанда Сеул шаардык салттуу музыка оркестринин концерти өттү.

Сеул оркестри биринчи жолу ата мекендик сахнада эки жыл мурун Алматы шаарында өнөр көрсөтүшкөн. Ал жерде музыканттар Казакстандагы корейлердин 80 жылдыгына арналган гала-концертке катышкан. Ал кезде да көрүүчүлөр чет өлкөлүк артисттердин өнөрүн жогорку кызыгуу менен кабыл алышкан.

РАЙХАН МУСИНА, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Корея менен Казакстан достук мамилеси жогору өлкөлөр. Керек болсо алардын каада-салттары окшош. Корей маданиятына тиешелүү ушундай  концерттерге, көргөзмөлөргө биз ар дайым абдан кызыгуу менен келебиз бизди корей маданияты абдан кызыктырат, мен ошондой эле корей маданий борборуна барам жана менин оюмча, эки өлкөнүн ортосундагы орток нерселер арбын. Бул эки тараптын ортосундагы бекем кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө түрткү берет.

Аны менен бирге бүгүнкү күндө Түштүк Корея соода- инвестициялык жана технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө Казакстан үчүн басымдуу 10 өлкөнүн бири катары саналат.

ДЭСИК КИМ, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орногондон кийин Казакстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык ар кандай тармакта өнүктү. Башкача айтканда, экономика, саясат, маданият жана башка да тармактар камтылды. Жаңыртылган кызматташтыктын «Fresh Wind» программасы санариптештирүү, 4-өнөр жайлык төңкөрүш, медицина, IT-технологиялар жана айыл чарба сыяктуу жаңы багыттарды караштырат. Ушундай аракеттердин аркасында казакстандыктар биздин маданиятыбызга жакындашып, Корея өлкөсү тууралуу көбүрөөк маалымат ала алышат.

Белгилей кетсек, Сеул шаардык оркестри 1965-жылы түзүлгөн. Ушул убакыттын ичинде, дүйнөгө бегилүү ансамбль Европа менен Азиянын бир нече өлкөсүндө эки миңден ашуун өнөр көрсөткөн. Бүгүнкү күндө атактуу оркестрдин курамында 40 музыкант бар. Алардын максаты – корейлердин салттуу музыкасын дүйнөгө таанытуу, көпчүлүккө тааныштыруу жана таратуу.

Фото: inform.kz