Улуттук музейде мультимедиялык зал ачылат

Азыркы заманбап форматтагы тарыхый коллекциялардын бет ачары. Казакстан  Республикасынын Улуттук музейинде мультимедиялык 3д залы ачылды. Санариптик аянт келүүчүлөрдү Улуу талаанын байыркы санжырасынын бай дүйнөсүнө жаңы маалыматтык технологиялар аркылуу киргизүүгө убада берет.

Конокторду казакча, орусча жана англис тилдеринде сүйлөгөн виртуалдык кеңешчи тосуп алат. Гид залга кирүү эрежелери тууралуу гана эмес, коопсуздук эрежелери тууралуу да айтып берет. Андан ары ал, музейдин тарыхый экспонаттары менен, ошондой эле уникалдуу маданий эстеликтери менен таанышууга боло турган санариптик форматта 3-Д панорама боюнча экскурсия өткөрөт.

МАДИНА ЫБРАЙЫМ, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСОВОДУ:

- Бул аймакта атайын дисплей жана touch-пад бар. Алар бирге бириктирилип, алтын менен күмүштөн, коло менен темирден жасалган жасалгалардын жана картиналардын көп бөлүгүн көрсөтөт, ошондой эле,  Казакстан Республикасынын кооз жерлеринин тарыхына 3Д тур уюштурулат.

Казакстандын ар түрдүү табигый объектилери менен ыйык жерлерине, кызыктуу саякатка башка да заманбап курал-жабдыктардын жардамы менен барууга болот.

АЙГЕРИМ АКИМЖАНОВА, КОРРЕСПОНДЕНТ:

- Башка арналган туулга жана виртуалдык чындык кабинасынын жардамы менен Улуттук музейдин коноктору, биздин өлкөбүздүн аймагында мурда болгон цивилизациялардын маданияты менен жакындан тааныша алат.  

МАДИНА ЫБРАЙЫМ, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСОВОДУ:

- Экинчи жагынан мындан башка бизде ушундай атайын джеттер бар, башкача айтканда, туулгалар менен бирге ушундай машиналар виртуалдык түрдө чындыкты көрсөтөт. Андан кийин албетте, эң акыркы бөлүм. Кейф деп аталган жаңы технология. Ал жерде, дубалдардын бетинде атайын көрүнүштөр чыгат, ошондой эле, үч тилде аудио тизим бар. Буга катар кыймылдаган графикалык көрүнүштөр, башкача айтканда анимацияланган көрүнүштөр. 

Аймагы 240 чарчы метрден турган зал көргөзмөлөрдү өткөрүү менен бирге, ошондой эле билим берүү программалары менен илимий-изилдөө демилгелерин өткөрүүгө арналган. Виртуалдык турлар, сфералык 3Д панорамалар, интерактивдүү китептер. Санариптик мүмкүнчүлүктөр өлкөнүн башкы музейинде бир гана чет өлкөлүк туристтерди тартуу эмес, өлкөнүн тарыхына жаш, өсүп келе жаткан жаңы  урпакты жакындатууга мүмкүнчүлүк берет.

МАДИНА ЫБРАЙЫМ, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСОВОДУ:

- Биздин башкы максатыбыз – жаштарды тартуу. Айрыкча мектепке чейинки балдарды, мектеп окуучуларын кызыктыруу. Алар улуу муун менен жакшы байланышта болушу керек. Ошондой эле улуу муун өкүлдөрү да жаңы технологиялар менен тааныша алды. Ушундай шарттарда өз ара байланыш орнотулду.

Белгилей кетсек, Улуттук музейде мультимедиялык залдын расмий ачылышы баш оона айынын жыйырма тогузуна мерчемделген. Ачылыш салтанаты  Казакстан Республикасынын Конституция күнүнүн алдында өтөт.

Фото: strategy2050.kz