Казакстандык кинематографисттер дүйнөлүк рынокту багындырууну көздөөдө

Казакстандык кинематографисттер тарыхый долбоорлору менен дүйнөлүк рынокту багындырышы мүмкүн. Серепчилер көчмөндөр тууралуу картина ата мекендик кинонун бренди болушу керек деп эсептейт. Алардын айтуусунда, бул учурдун чыныгы тренди. Акыркы 10 жылда Казакстандын кино индустриясы жанданып баштады. Эгер 2009-жылдары жылына болгону 10дон ашык тасмалар тартылса, акыркы убакта бул 50дөн ашты. Бүгүнкү күндө атамекендик кинолордун 85% чакан жеке компаниялар түзөт. Ошондуктан тармактын өкүлдөрү тез арада мамлекеттин тапшырыгы менен ири тасмаларды тартуу керектигин айтышат.

АРМАН АСЕНОВ, ШАКЕН АЙМАНОВ АТЫНДАГЫ “КАЗАХФИЛЬМ” АО ПРЕЗИДЕНТИ:

- Мен биздин деңгээлибизди, аны сактап, анда калууга тийишпиз деген ойго келдим.  Биздин максат –  көчмөндөрдүн жашоо салты тууралуу кино, тарыхый жанрдагы тасма болуп саналат. Дүйнөлүк көрөрмандар “жылдыздуу” согушкерлер, робокоптордон бир аз тажашты. Баары табийгыйлыкты каалоодо. Элдер тирүүлүктүн жытын, аттын жытын, табияттын жытын экрандан көрүүнү каалап атышат. Мунун баары бизде бар. Менимче бул биздин табылгалар деп ойлом.

Акыркы жылдары «Казахфильм» киностудиясында «Казак хандыгы», «Жоожүрөк миң бала», «Мустафа Шокай», «Бала чагымдын асманы» аттуу тарыхый тасмалар тартылды. Картиналар көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Жакынкы келечекте «Казахфильмдин» алдында чоң милдеттер турат.

АРМАН АСЕНОВ, ШАКЕН АЙМАНОВ АТЫНДАГЫ “КАЗАХФИЛЬМ” АО ПРЕЗИДЕНТИ:

-"Кино жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандан кийин, түздөн-түз акча каражаттарын бөлүштүрө турган кинематографиянын дагы бир улуттук борбору пайда болду. Мында «Казахфильм» кызматтарды көрсөтөт. Менин оюмча Казакстандын кино чөйрөсү – бул локомотив, жеке менчик поезд сыяктуу бардык кинокомпаниялардын вагондору,  ал эми Казахфильмдин өзү паровоз десек болот. Бул кыймылдаткыч сүйрөшү керек.

Кино – бул руханий, маданий жана идеологиялык дүйнө, өткөн менен азыркыны чагылдырып турат. Убакыттын өтүшү менен кадам сайын, ал өзгөрүп турат. Өлкөнүн кино тармагында таланттуу адистер иш алып барат. Ал эми дүйнөлүк рынокко өз өнүмдөрү менен чыгуу үчүн бүгүнкү күндө өз ишин билген жана кесипкөй продюссерлер керек.

САТЫБАЛДЫ НАРЫМБЕТОВ, КИНОРЕЖИССЕР

– Бизде эми гана продюссерлик институт калыптанып баштады. Институт 1930-жылдары Голливудда жана 1940-жылдары Европада калыптанып баштаган. Продюссерлик тармагындагы ишмердүүлүк кенен. Өндүрүштүн бардык чөйрөлөрүн камтый турган адис болуусу керек.

Серепчилердин пикиринде, көп бюджет менен толук метраждуу тарыхый тасманы Казакстандын аймагынан картиналарды чыгаруу менен гана жасоого мүмкүн. Мындан тышкары эл аралык кызматташуунун алкагында дагы кеңири мейкиндик ачылат.

Фото: qostanai.media