Нур-Султанда эл аралык «Бактылуу билет» жаштар театры болуп өттү

Казакстан менен Орусиянын чыгармачыл жаштары борбор калаада жолугушту. Бул жерде экинчи эл аралык «Бактылуу билет» жаштар театры болуп өттү. Иш-чарага эки өлкөнүн театр сүйүүчүлөрү 6 спектакль менен келишкен. Фестиваль жамааттын өздөрүнүн чыгармачылыгын тааныштырып гана койбостон, жаңы деңгээлге чыгууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, иш чара Нур-Султан акимиатынын «Замандаш» элдик жаштар театрынын, борбордогу Орусия илим жана маданият борборунун колдоосунда уюштурулган.

БАУЫРЖАН ТОГЫЗБАЙ, УЮШТУРУУЧУ:

- Өткөн жылы биз ачылышын «Алиса керметтер өлкөсүндө» стилинде кылууга аракет кылганбыз. Быйылкы жылы көбүрөөк классикалык образга басым жасайбыз. Негизинен жаш курагы чектелген эмес. Өтө эле жаш, өтө эле улуу жана 30 жаш курактагы кесиптештерибиз бар.

АЛЕКСАНДРА БЕБЕНИНА, «КЕРЕМЕТ ТОКОЙ» «ЛЕС ЧУДЕС» ТЕАТРЫНЫН АКТРИСАСЫ:

- Белгилүү адамдар менен таанышууга мүмкүн. Кандайдыр бир чыгармачыл жана социалдык жактан өнүгүү болуп жатат. Мисалы өткөн жылы чебер – класстар болгон, театрлар менен маектешкенбиз. Чынында тажрыйба берет экен.

Фото: zhastar-theatre.kz