«Астана Балет» театры Өзбекстанда өнөр көрсөтөт

«Астана Балет» театрынын жаңы кезеңи гастролдук сапар менен ачылат. Казакстандык сахна ээлери Өзбекстандын Алишер Навои атындагы театр сахнасында мыкты чыгармаларын коюуга камданып жатышат. Чыгармачыл жамаат жергиликтүү коомчулуктун назарына Fuego Lento бир актылуу балетин, Григоровичтин «Сүйүү тууралуу уламыш» аттуу спектаклин жана «Улуу талаа мурасы» концерттик программасын сунушташат. Аталган сапар Өзбекстандагы Казакстан жылынын алкагында уюшурулууда.

АЙГУЛЬ ТАТИ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН КОЮЧУ БАЛЕТМЕЙСТЕРИ:

- Биздин үч күндүк гастролдук сапарыбыздын программасы «Улуу талаа мурасы» аттуу спектакль менен ачылат. Ал жерде ата мекендик хореографтар койгон бий миниатюраларынын мыкты жыйындысы камтылган. Театрдын техникалык кызматы чыгармачылык топтон жолго эртерээк чыкты. Азыр алар спектаклге керектүү сахнаны даярдап, декорацияларды орнотуп жатышат.

Бул – «Астана балет» театрынын Өзбекстанга биринчи сапары. Чет өлкө сахнасына казакстандык жамаат толук курамы менен чыгууга даярданып жатат. Ташкенттин чоң өнөр очогу ата мекендик өнөктөштөрүн кубана кабыл алууга даяр. Театрдын алдыңкы солисти Дилара Шомаева тышкы өлкөлөргө чыгып туруу башка маданият менен таанышып, аны менен бирге чеберчиликти бышыктоонун бир жолу, - дейт.

ДИЛАРА ШОМАЕВА, АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ:

- «Өнөр үчүн чек ара жок, ал бардыгы үчүн орток тил» деп ар дайым айтып келебиз. Чындыгында көптөгөн адамдар үчүн тилди билбөө чоң тоскоолдук болот. Ар бир элдин бир гана өздөрүнө тиешелүү тили, дини, маданияты, тарыхы болот. Ошентсе да, сахнага чыккан кезде ушул тоскоолдуктардын баары жок болот. Биз өз өнөрүбүздү бардыгына түшүнүктүү хореография тили менен жеткиребиз. Ошондой эле, башка мамлекеттердин төл маданиятын тааныйбыз.

Түзүлгөнүнө алты жыл гана болгон «Астана Балет» театрынын өнөрпоздору чет өлкөлүк көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулап жүрүшөт. Жамаат Орусия, АКШ, Кытай, Франция, Италия жана Жапония өлкөлөрүндө өнөр көрсөтүүгө жетишишкен.

Фото: informburo.kz