Казакстандык жаран италиялыктарды таң калтырды

Дүйнөгө таланты менен таанылган дагы бир казакстандык жаран Алина Күлбаева эл аралык теле ыр сынагынын гранд-финалына жолдомо алды. Дүйнөнүн таланттуу жеткинчектеринин багын сынаган кароо-сынактын тандоо туру Италиянын Скала шаарында өткөн. Павлодарлык өспүрүм кыз аткарган ырды жергиликтүү радиостанциялар бир ай бою коюшту.  

Эл аралык сынактын тандоо турунда Алина Италиянын таанымал опера ырчысы Энрико Корузого арналган чыгарманы орундатып, өнөр сүйүүчүлөр  коомун таң калтыра алды.

 ЭЛЬВИРА КАЩУК, МУЗЫКАЛЫҚ КОЛЛЕДЖ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Кыйын ырларды аткаруу чеберчилигин калыстар тобунун назарына сунуштоо, белгилүү ырды аткаруу өспүрүм үчүн оңой эмес. Биздин таланттуу жеткинчектер эл аралык сынактардын деңгээлин багындырса, биз кубанабыз. Бул биздин эмгегибиздин жемиши. Алар менен сыймыктанабыз. Бул музыкалык кеченин кадырын да бир тепкичке көтөрөт. Алина – арпа ичиндеги бир буудай. Эмгекчилдигине таң калабыз. Музыка десе, жанын берет. Ал музыкалык чыгарманы берилип аткарат.

АЛИНА КҮЛБАЕВА, ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТЫН МЕДАЛИСТИ:

- Башында коркуп, бирок сахнага чыкканда толкундануу басылды. Жашоомду ырсыз элестете албайм. Сынакта мен сыяктуу таланттуулар көп болду. Эң башкысы алардан кем калышпай, Италияда өлкө намысын коргоп чыктым. Бул мен үчүн чоң аброй. Бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү жердешибиз Мария Мудрякка окшогум келет.

Италияда өткөн эл аралык сынак Алина багындырган жерлердин бири гана. Тандоого арналган жандуу ыр дал ушул бөлмөдө жазылган. Ыр десе ичкен ашын жерге койгон Алина 7 жашынан бери ондогон эл аралык сынактарга катышкан. Деген менен Италияда өткөн сынактын орду бөлөк.

СЕРИК КҮЛБАЕВ, АЛИНА КҮЛБАЕВАНЫН БАЙКЕСИ:

- Ыр ырдабаган казак жок. Казак эли ырчы. Ата-энелерибиз казак ырларын айтып беришчү. Балабыз ошол ата-энебизге окшош. Келечеги кең деп ойлойм.

АЛИНУР КҮЛБАЕВА, АПАСЫ:

- Италиялыктар ырчы калк. Алар музыканын сыры менен тааныш, аны абдан кадырлайт. Балдарын да ушул багытта тарбиялайт. Сынактарга келген балдарыбызды көргөндө кызыгып да, кызганып да караганы ошол. Анткени таланттуу жеткинчектер абдан көп. Кызым сахнага чыккандагы сезимимди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Алина «Памяти Корузо» ырын тандады. Бала үчүн татаал чыгарманы аткаруу оңой эмес. Радио эфирдин корутундусу боюнча алар анык таланттарды колдойт деп ишеним менен айта алам.

25 жылдык тарыхы бар сынактын финалы тогуздун айында өтөт. Финалдык ырдын талабы боюнча ырлар италия тилинде аткарылуусу шарт. Азыркы тапта Алина даярдык үстүндө. Чет тилин үйрөнүүнү да максат кылууда.

Фото: Хабар 24