Аскерий учкучтар тууралуу сериал тартылууда

Казакстандын кино индустриясы өнүгүп келет. Өлкөдө алгач ирет учкучтар тууралуу көп сериалдуу тасма тартуу колго алынды. Аскерий учкучтар сериалына аскерий техникалар, тик учак, согуштук учактардын тобу да тартылган. Мисалы СУ-30 СМ согуш учактары. Бүгүнкү күндө аны чет элдик кино картиналардан көрө албайсыз. Көркөм тасмада сүйүү баяны да көрсөтүлөт. Чыгарма көрөрмандын көңүлүн көтөрөт дешет авторлор. Тасманын ичиндеги окуялар чыныгы жашоодон алынган.

МАКСИМ АКБАРОВ, БАШКЫ ПРОДЮССЕР:

- Ар бир серия – романтикалык окуядан гана куралбайт. Анда сүйүү ирмемдери менен катар бөтөнчө жагдайлар да бар. Биздин жашообузда орун ала турган түрдүү жагдайлар, учактарга, тик учактарга байланыштуу. «Талаа кыраандары» сериалын аялдар гана эмес, бала кезинде учкуч болууну кыялданган бүткүл эр азаматтар да кызыгуу менен көрөт деген ойдобуз.

Тартуу тобу жоголуп кеткен чет элдик туристтерди издөөгө чыгуу эпизодун бышыктап жаткан чагы. Тартылуу аскер аэродромунда жүрүп жатат. Жаш актриса Фариза Ескермес аба базасындагы жалгыз учкуч аялдын бейнесин чагылдырат. Бул мен үчүн абдан маанилүү рол дейт ал.

ФАРИЗА ЕСКЕРМЕС, АКТРИСА:

- Мындайды биз жашообузда көргөн эмеспиз. Учакта учуп көрбөгөнбүз, мисалы ушундай тик учакта. Каарманымдын аты – Мадина. Ал жалгыз учкуч. Жигиттердин арасында жалгыз өзү, казармада да чогуу бирге жашайт. Алар менен бирге учат, берилген тапшырманы бирге аткарат жана кээ бир жигиттерден абдан мыкты аткарган ушундай бир каарман.

Сериал «Хабар» Агенттигинин тапшырмасы менен өлкөбүздүн Коргоо министрлигинин колдоосу астында тартылып жатат. Тасма 12 сериалдан турат. «Талаа кыраандары» күздө көрөрмандарга сунушталат.

Фото: sputniknews.kz