«Борбор Азия таланттарды издейт» сынагы аяк оона айынын он бешинде Хабар каналында көрсөтүлөт

«Борбор Азия таланттарды издейт» сынагынын катышуучулары эл аралык калыстар тобунун алдында өнөр көрсөтүштү. Калыстар тобунун сынынан кийин талант ээлери жарым финалга жолдомо алат. Тандоо Өзбекстан менен Тажикстанда да өттү.  Казакстандан кийин кыргызстандык өнөрпоздор долбоордун экинчи кезеңин жыйынтыкташат. Белгилей кетсек, бул шоуго бир жарым миңден ашуун адам катышууга өтүнмө берген. Ал эми, жарым финалда 24 казакстандык өз бактарын сынашат.

СЕРИК АКИШЕВ, ДОЛБООРДУН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Долбоор кульминациялык кезеңине жетти. Калыстар тобу сынакка тартылган мамлекеттерде угуулардын 70 пайызга жакынын өткөрдү.  Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда жакында аяктайбыз. Андан кийин Кыргызстан бар. Андан соң жарым финал башталат. Эң башкысы, долбоор ишке кирген кезде баарыбызды тынчсыздандырган башкы маселе - Got Talent долбооруна катыша турган талант ээлери табылабы? Бул суроого жооп бар. Ооба! Таланттуулардын катары калың. Алар таң калтырышат. Алардын бардыгын өлкөбүздөгү жана өнөктөш мамлекеттердеги көрүүчүлөргө тааныштыруу үчүн аяк оона айын чыдамсыздык менен күтүп жатам.

«Борбор Азия таланттарды издейт» долбоору дүйнөдөгү эң белгилүү теле программалардын бири. Жыл сайын жетимиштен ашуун мамлекетте өтүп турат.  Гиннестин рекорддор китебине кирген, дүйнөгө таанымал долбоор өлкөдө биринчи жолу уюштурулуп жатат.

ГҮЛНҮР САТЫЛГАНОВА, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

- Негизинен бул долбоор Борбор Азияга келгенине кубанычтамын. Анткени, катышуучулар төрт өлкөнүн булуң-бурчунан келет. Карапайым элдин арасынан чыккан жөнөкөй адамдар, элдик таланттар келет. Ошондуктан бул аларга эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эл арасында таланттар көп.

Далай өлкөнүн көрүүчүлөрүн тамшандырган долбоордун Казакстандагы акыркы жарышы бештин айынын 22де өтөт. Ал «Хабар» каналынын түз эфири аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө да көрсөтүлөт.