Ержан Максим «Junior Eurovision» сынагына даярдыгын баштады

Белгилүү жаш ырчы Ержан Максим балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында өтө турган «Джуниор Еуровижн» сынагына даярдыктарын баштады. Жаш өнөр ээсинин эл аралык таланттар сынагына катышуусу «Хабар» Агенттигинин Европалык маалымат таратуу биримдигине мүчө болуусу жана жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мүмкүн болду. Бүгүнкү күндө Ержанга арнап композиторлор жеке чыгарма жазып жатышат. Белгилей кетсек, сынак жетинин айынын жыйырма төртүндө, Польшанын Гливице шаарында өтөт. Эл аралык ыр сынагында быйыл 19 жаш талант өз күчтөрүн сынашат.

ЕРЖАН МАКСИМ, ЫРЧЫ:

- Даярдык азыркы тапта жакшы. Азырынча аткара турган чыгарманы тандай элекмин. Элимдин үмүт-тилегин актай алам деп үмүттөнөм. Албетте, мекениме жеңиш алып келем деп ниет кылам.

Фото: Хабар 24