Күзүндө Казакстанда белгилүү Орбулак согушу тууралуу телесериал көрсөтүлө баштайт

Күзүндө Казакстанда белгилүү Орбулак согушу тууралуу телесериал көрсөтүлө баштайт. Анда тарыхка кирген 1643-жылдагы баатырдыктын, эрдиктин жана элдин биримдигинин көрүнүктүү үлгүсү баяндалат.  Жаңгир хан башкарган Казак хандыгынын 600 аскери Жалаңтөш баатыр баштаган самарканд аскери жардамга келгенче бир нече күн бою 50 миң жуңгардын чабуулуна каршы турган. Башкы ролдордун бирин актер Бауржан Каптагай аткарат.

БАУЫРЖАН КАПТАГАЙ, АКТЕР, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Согуш болгон жерде милдеттүү түрдө саясатчылар да, акын-жазуучуларда болот. Анткени ошол кездеги аскерлердин рухун көтөрүү үчүн иш менен да, кыймыл менен да жардамдашкан.

Орбулактын тар капчыгайында жуңгарлар шашылыш түрдө коргон курган. Натыйжада жунгарлар 10 миңден ашык аскерлерин жоготуп, жеңилүүгө дуушар болот. Мындан улам чегинүүгө мажбур болгон. Актер Куаныш Кудайбергендин айтуусунда, мындай тарыхый телесериалда ойноо чоң урмат.

КУАНЫШ КУДАЙБЕРГЕН, АКТЕР:

- Бул тарыхый тасма чоң сүйүүнү баяндайт. Мен Жаңгир султандын карындашын сүйүп калган баатырдын ролун аткарам. Мекенчилдик менен сүйүү баарын жеңет.

Кино картина 8 сериядан турат. Сериалдын авторлору тасма көрүүчүлөргө жагарына ишенет.

Фото: YouTube