Казакстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы маданий кызматташтык

Казакстан менен Корея Республикасынын маданий кызматаштыгынын чөйрөсү кеңейүүдө. Жыл өткөн сайын казакстандыктардын корей музыкасына, тасмасына, тамагы менен тилине болгон кызыгуусу өсүп жатат. Жашоочуларга өлкө тууралуу көбүрөөк билүүгө  Корея тарабынан өз элинин каада-салттары менен үрп-адаттарына арналган ар кандай көргөзмөлөр, чеберчилик класстар жана жарманкелер туруктуу түрдө уюштурулуп турат. Корея маданияты менен таанышуунун дагы бир жолу – туруктуу түрдө өткөрүлө турган тасма көрсөтүүлөрү.

ЛИ ХЕ-РАН, НУР-СУЛТАН ШААРЫНДАГЫ КОРЕЙ МАДАНИЙ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Бир тасманы тандап, аны бир жума бою көрсөтөбүз. Кирүү акысыз, ошондуктан корей маданияты менен тилине кызыккан ар бир адамдын келүүсүнө болот. Биз тасмаларды классикадан баштап, заманбап тасмаларга чейин, ар кандай жанрларда көрсөтөбүз. Тасма – өлкөнүн маданияты, анын турмушу менен таанышуунун эң жакшы ыкмаларынын бири. Ошондуктан биздин тасма көрсөтүүлөрүбүз борбордун жашоочуларынын арасында абдан белгилүү.

Корейлер да Казакстанга кызыгып жатышат. Борбордун мүдүрү Ли Хе-Рандын айтымында, коомдук желелердин арасында Түштүк Кореянын жаштары республика тууралуу билип, өлкөгө келүүнү кыялданышат. Айрыкча корей туристтеринин арасында, Кайыңды, Шымбулак жана Шарын капчыгайы сыяктуу табигый кооз чөлкөмдөр абдан белгилүү.

Фото: weproject.media