Ержан Максим Евровидение сынагына катышат

Табигый үнү менен  бардык коомчулуктун жүрөгүн багындырган Ержан Максим «Junior Eurovision 2019» сынагына катышат. «Голос. Дети» долбоорунда өзүн татыктуу көрсөткөн жаш талант ээси Польшанын Гливице шаарында өтө турган обондуу жарышта Казакстандын намысын коргойт. Эл аралык ыр сынагында быйыл 19 өнөрпоз өздөрүнүн күчүн сынашат.

Ержан Максимди көпчүлүгү таанып калды. Ержан Казак жана Орусия эстрадасын багындырган таланттуу өспүрүм. Жаш өнөрпоз эми балдар Евровидениесинде мыктылардыын арасынан сурулуп чыгууга бардык аракеттин жасайт. Сынакка катышуу үчүн Казакстан тыкыр тандоодон өткөн.

ДИНАРА АБАКАЕВА, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- «Хабар» Агенттиги Европалык таратуу биримдигинин мүчөсү болгондуктан сынакка катышууга Казакстандын атынан өтүнмө бердик. Өткөн жылы аны чоң  комиссия караган. Быйыл да ошондой болду. Натыйжасында  Грузия, Испания, Мальдиви сыяктуу 19 мамлекет менен бирге биз да өз талапкерлерибизди сынакка сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.

Эл аралык сынактын башкы талабы – обондуу жарышта аткарыла турган ыр жаңыдан жазылышы керек. Анын жарымы англисче, жарымы казак тилинде аткарылат. Ержан Максим бул сынактан байгелүү орунга жетишине ишеними жогору. Жаш өнөрпоз багындыра турган ийгиликтер алдыда.

Казакстан «Junior Eurovision 2019» ыр сынагына былтыры биринчи жолу катышкан. Жарышта өлкө намысын коргоо бакыты жана милдети Данэлия Түлешовага буйруган. Теле көрүүчүлөрдүн добуш берүү жыйынтыгы боюнча ал алтынчы орунга ээ болгон. 

Фото: m24.ru