Нур-Султан шаарында жапон маданиятынын фестивалы өттү

Нур-Султан шаарында жапон маданиятынын фестивалы өттү. Салттуу саамалыкта башкы шаардын жашоочулары менен борбордун коноктору Жапон элинин «седо», «манго» «оригами» сыяктуу калиграфия стилиндеги элдик өнөрү менен жакындан таанышып, чеберчилик сабактарына катышышты. Ошондой эле, «сёги» деп аталган жапондук улуттук оюнунда өз өнөрлөрүн сынап көрүштү. Бул шахмат сыяктуу ой-өрүштү кеңейте турган стол оюну менен негизинен аскер кол башчылары алектенишкен.

САТОКО САЙТО, КАЗАКСТАН-ЖАПОНИЯ АДАМДЫК КАПИТАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН БАШКЫ АДИСИ:

- Биз жапондуктардын улуттук балуулуктары жана төл маданиятын болушунча тааныта турган салттуу өнөр түрлөрүн тандап, жергиликтүү элге көрсөтүүнү туура көрдүк. Ушул түрлөрү байыртадан бери сакталып, бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Аларды жапон эли көздүн карегиндей сактап, жаңыртып келишет.

Фестивалдын коноктору улуттук стилдеги кийим үлгүлөрү жана салттуу обондогу бийчилердин өнөрү менен таанышышты. Мисалы үчүн, бул бий элдин байыртадан калыптанган эң сонун ыргактагы кыймылына ылайык түзүлгөнү менен 2020-жылы Жапония өлкөсү кабыл алган олимпиада оюндарына арналып жатат.

ХИРОМИ ШИМАСИ, КАЗАКСТАНДАГЫ ЖАПОНИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- «Боодори» аттуу улуттук бийдин түрүн жапон эли негизинен жай мезгилинде бийлешет. Жайкы олимпиада жана ушул жайкы жапон маданияты фестивалынын темасына ылайык ушул салттуу бийибизди кенен жайылтууну туура деп таптык.

Жапондуктардын улуттук тамактары да Казакстанда абдан белгилүү. Маданий иш-чаранын коноктору жапон ашпоздору даярдаган салттуу тамактардын даамын татып көрүштү.

ДАЙСКЕ КИШИГАМИ, АШПОЗЧУ:

- «Кари райс» тамагы негизинен инди ашканасынан чыккан. Биздин өлкөгө келгенине 100 жылдан ашты. Бүгүнкү күндө ал жапон элинин сүйүктүү тамактарынын бирине айланды. Улуттук тамагыбыз десем ашыкча болбос. Ал тоок эти, күрүч, мөмө-жемиштер жана улуттук татымалдар кошулуп даярдалат.

Жапония байыркы салттарды сактоо менен бирге дүйнөлүк деңгээлде заманбап трендди калыптандырып келген мамлекет. Көрүүчүнүн назарына дүйнө жүзүнө кенен жайылган жапон маданий-спорттук иш-чаралары сунушталды. Айрыкча бул өлкөнүн анимациялык эмгектери абдан таанымал. Фестивалдын коноктору жаңы оюндар менен анимациялык курал-жабдыктардын акыркы үлгүлөрү менен таанышты. Андан башка, коомчулук жапон тилине арналган дарска катыша алышты.

Фото: fed.sibnovosti.ru