Димаш Кудайберген дүйнөнү таң калтырууда

Димаш Кудайбергенов өз өнөрү менен дүйнөнү таң калтырууда. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 114 мамлекетинде атагы ааламга тараган ырчынын ырларын көпчүлүк билет, угат. Аталган мамлекттердин ар биринде күйөрмандар клубу түзүлгөн. Казакстандык аткаруучунун Франциядагы фанаттары ар кандай жолугушууларды өткөрүп, Димаштын өмүрү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүшөт. Жакында чакан топ Казакстанга келип кетишкен. Туристтер Нур-Султан жана Алматы шаарларында болушуп, көрктүү жерлерди кыдырышты. Француздар өзгөчө казакстандыктардын меймандостугу менен өлкөнүн кооз табияты жогорку таасир бергенин айтышат. Франциядагы күйөрмандар клубунун мүчөлөрү алдыдагы жылы Казакстанга дагы келүүнү мерчемдеп жатышат. Алар бул ойлору менен Димаш Кудайбергеновдун күйөрмандарынын коомдук желелердеги баракчаларында бөлүшүшкөн.

СИЛЬВИ ГАЛЬДЕАНО, ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНОВДУН КҮЙӨРМАНДАР КЛУБУНУН МҮЧӨСҮ:

-Мен бул өлкө менен бир жарым жыл мурда Димаш аркылуу тааныштым. Анын Казакстанды келип көрүүгө чакыруусу абдан туура. Себеби, бул өлкөнүн тарыхы, маданияты бай. Бул – укмуштуудай өлкө. Ар бир адам Казакстанга келип, көрүшү керек. Батышта биз өзүбүздүн түпкү тамырыбыз менен болгон байланышты жоготуп алдык десек болот. Ал эми, Казакстанда улуттук кийим кийип, ат минип жүргөн адамдарды көрүүгө болот. Бул нерсени сакташ керек.

САНДРА СКАМАРОНИ, ДИМАШ КУДАЙБЕРГЕНОВДУН КҮЙӨРМАНДАР КЛУБУНУН АДМИНИСТРАТОРУ:

- Казакстанда өзүбүздү өз өлкөбүздө жүргөндөй сездик. Ал жакта бизди абдан жакшы тосуп алышты. Казак өлкөсү кооз табияты жана элинин меймандостугу менен эсте калды. Ал жакка байланып калдым. Ошондуктан Казакстанды кайра барып көргүбүз келет.

Күйөрмандар үчүн казакстандык ырчынын дуэти тууралуу маалымат чоң кубаныч болот. Димаш легендарлуу Лара Фабиан менен бирге ырдайт. Бул тууралуу ырчы коомдук желелерге жазган.

Фото: egemen.kz