Түрк инвесторлору Казакстанда заводдорду ачышат

Түрк ишкерлери Казакстанда бир нече жаңы ишканаларды ачууга кызыктар. Мисалы, жыл аягына чейин гофротАраларды чыгара турган заводдун курулушу колго алынат. Долбоордун жалпы наркы болжол менен 10 миллион АКШ долларын түзөт.

БАТЫРБЕК АУБАКИРОВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫСЫНЫН ИШКЕРЛЕР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биринчиден, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында чет өлкөлүк инвесторлор чыгарган өнүм көлөмү өсөт. Башкача айтканда, Орусия менен башка да мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Экинчиден, бул долбоор кагаз чыгаруу жагынан жаңы технологиялар жана жаңылыктарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Дагы бир түрк компаниясы Жамбыл облусунда кальций содасын чыгара турган завод салууга кызыгып жатат. Ишкана курулушуна 300 миллион доллар каржы жумшалат. Заводдун долбоордук кубаттуулугу баштапкы кезеңде жылына 400 миң тонна өнүмдү түзөт, кийин бул көрсөткүч үч эсеге көбөйтүлөт. Завод ишке кошулгандан кийин чыгарылган өнүм өлкөнүн ички жана тышкы рынокторуна жөнөтүлөт.

Аны менен бирге, түрк ишкерлери өлкөдө эркектердин көйнөктөрүн тиккен токума заводунун курулушуна каржы салууга даяр. Ишкана Актөбө шаарында ачылат. Жогорку сапаттагы даяр өнүмдү жеткиликтүү баа менен чет мамлекеттерге сатуу көздөлүүдө. Белгилей кетсек, казакстандык рынокто түрк капиталынын катышуусу менен 1600дөн ашуун ишкана ийгиликтүү иштеп келе жатат. Өлкөдөгү туруктуулук менен ыңгайлуу инвестициялык кырдаал, ошондой эле, ишкердик топ өкүлдөрү үчүн каралган ар кандай жеңилдиктер чет өлкөлүк инвесторлордун кызыгуусун ойгото турган негизги факторлор.

Фото: tara116.ru