Казакстандык окуучулар «Тулпар минип, туу алган!» көркөм окуу сынагына даярданып жатышат

Казакстандык окуучулар «Тулпар минип, туу алган!» көркөм окуу сынагына даярданып жатышат

Өсүп келе жаткан муунду казак элинин бай этно маданий мурасы аркылуу руханий жактан тарбиялоо. Казакстандык окуучулар «Тулпар минип, туу алган!» аттуу көркөм окуу сынагына даярданып жатышат. Балдар «Кобыланды баатыр» эпосун жаттап, текстте кездешкен архаизмдердин маанисин түшүндүрүп, мектеп программасы боюнча казак тили жана адабияты боюнча суроолорго жооп бериши керек. Жайкы эс алуу кезеңи кызып турган мезгилге карабастан, алматылык окуучулар аталган сынакка кызуу даярданып жатышат. Уюштуруучулардын айтымында, поэтикалык тексттерди билүү окуучулардын сүйлөө маданиятына жана жазуу сабаттуулугуна оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары, алар патриоттук тарбия алышып, дүйнө таанымын кеңейтишет.

ХАРИДА РАШИД, 8-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ:

- Башында Кобыланды баатыр кандай дүйнөгө келгени, аны менен бирге анын бала кезинде кандай баатыр болуп жеткилгендиги тууралуу айтылат. Бул поэма, биздин эсте сактоо жөндөмүбүздү жакшыртат. Ошондой эле өзүбүздүн тарыхыбызды билүү бизге ашыкча болбойт деп ойлойм.

Алматы облусунан «Тулпар минип, туу алган!» сынагына ар кайсы мектептерден 1000ден ашуун окуучу жана 600гө жакын мугалим катышары белгилүү. Ал эми, Кызылордо облусунан сынакка катышам дегендердин катары мындан да калың. 3 миңге жакын окуучу жана 1500 мугалим өтүнмө берген.

ЖАМБЫЛ ТИЛЕПОВ, «КАЗАК ЭПОС» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУНУН КЫЗМАТКЕРИ:

- Аталган сынакка катышуу үчүн жалпы республика боюнча 5621 мектептен 51 328 окуучу, 23 138 мугалим катталган. Азыркы тапта жай болсо да, окуучулар, мугалимдер сынакка кызуу даярданып жатышат.

«Тулпар минип, туу алган!» сынагы ушуну менен 2-жолу уюштурулат. Окуучулар өткөн жылы «Алпамыс баатыр» ырын жатташса, быйыл 132 беттен турган «Кобыланды баатыр» ырын айтышат. Эпостук дастандын бизге 29 варианты жеткен болсо, адабиятчы окумуштуулар бул сынакка «Марабай жырау» варианттын тандашкан. Республикалык сынакта 6-10-класстын окуучулары ат салышат.

СЕРИК СЕЙИТМАН, УЛУТТУК СЫНАКТЫН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Балдардын жайкы эс алуу кезинде өтө турган сынак окуу жылынын башына жылдырылды. Былтыркы окуу жылында 5-класста окуган балдар быйыл алтынчы класска көчүштү. Ушул жерде алар сынакка катыша алабы деген суроо пайда болот. Катыша алышат. Ошондой эле, өткөн окуу жылында 10-класста окуган балдар 11-класска көчүшөт. Алардын өтүнмөлөрү да кабыл алынат жана дагы 9-классты аяктап, колледжерге тапшырган балдар да аталган сынакка катыша алат.

Сынак катышуучулары тууралуу маалыматтарды Qazaq-epos.com сайтынан көрүүгө болот. Жеңүүчүлөрдү 1 миллион теңге каржылай сыйлык күтөт. Жыл аягында алардын урматына Нур-Султан шаарында Гала-концерт өтөт.

Фото: Хабар 24