Адильхан Макин «Славян базары» фестивалынын баш байгесин жеңип алды

Казакстандык талант ээлери дүйнө сахналарын багындырууда. Жаш ырчылар өнөр жолундагы кажырдуулугу жана эмгеги менен өзгөчөлөнүшөт. Жакында казакстандык Адильхан Макин «Славян базары» музыкалык фестивалынын баш байгесин жеңип алды. Аны менен катар, ал Белорусь президенти тарабынан быйыл бекитилген атайын сыйлыкты да канжыгасына байлады. Адильхан калыстар тобун өзүнүн универсалдуулугу менен таң калтырган. Вокалист ар түрдүү техниканы эркин өздөштүргөн. Адильхандын мугалими анын үч октава үнү мүмкүнчүлүгүн али толук көрсөтө электигин кошумчалайт.

ЯНИС КАЙСИДИ, ВОКАЛ БОЮНЧА МУГАЛИМ:

- Адильхандын үч октава үнүнүн мүмкүнчүлүктөрү толук көрсөтүлгөн жок. Жогорку жана төмөнкү ноталарды эч кандай кыйынчылыксыз, ээн-эркин, кооз аткаргандыгы абдан маанилүү. Ал өзгөчө болду. Азыркы кезде сахнага чыгып, ыр ырдап гана койбостон, угуучуларды таң калтыра билүү керек. Ал бул милдетти жакшы аткарып чыкты.

Казакстандык аткаруучулар Украинанын «Молодая Галичина» эл аралык фестивалында биринчи орунду багындырышты. Жеңүүчүлөр менен дипломанттардын катарында Куаныш Ерзат уулу, Мереке Кенжегулов жана «Казак кыздары» тобу бар.

АКТОТЫ РАЙЫМКУЛОВА, РК МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- Маданият жана спорт министрлигинин атынан өкмөт менен мамлекет тарабынан жаш өнөрпоздорго ар тараптан колдоо көрсөтүлүп жатат. Маданият, спорт, илим тармактарында мыкты натыйжаларды көрсөтүп келе жаткан жаштарыбыз арбын. Быйылкы Жаштар жылында жаштар татыктуу өнөр көрсөтүүдө.

Адистер белгилегендей, ата мекендик артисттердин ири эл аралык сынактарда топ жарып, өлкөнүн атын дүйнөгө таанытып жүргөнү – Казакстанда маданият менен өнөр тармагынын жогорку деңгээлде өнүккөнүнөн кабар берет.

Фото: webinfo.kz