“Кыз Жибек” операсы “Астана Опера” театрында

“Кыз Жибек” операсы “Астана Опера” театрында

Улуттук искусствонун бермети. «Астана Опера» театрында 3D-технологиялары колдонулуп “Кыз Жибек” операсы көрсөтүлдү. Акыркы техникалык жаңычылыктардын аркасында элдик лиро-эпикалык поэмасы жаңы түскө боёлду. Коюлумга уникалдуу декорациялар да көрк кошту. Мисалы, сүрөтчүлөр жараткан эмгектер, көздүн жоосун алган костюмдар, видеоинсталляциялар, жарык жана музыка менен иштешүү чогулган коомчулукту көңүл кош калтырган жок. Бирок, кеченин эң маанилүү жагы солисттердин жогорку чеберчилиги жана оркестердин кынтыксыз иши болду. Театрдагылардын айтымында, аталган коюлум улуттук классиканын жаңыча жаңырышы.

ЕРЕНБАК ТОЙКЕНОВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН РЕЖИССЁРУ:

- Улуттук опера техникалык жагынан алып караганда абдан масштабдуу, мол декорациялар жана көп өзгөрүүлөр бар деп айта алам. Абдан кооз опера, баарына түшүнүктүү. Драмалык музыкалык спектаклден толук опера түздүк. Башкача айтканда, бул жерде сүйлөгөн диалогдор, речитативдер жок, бардыгын музыкалык речитативдерге айландырдык.

Белгилей кетсек, “Кыз Жибек” операсы биринчи жолу белгилүү драматург жана жазуучу Габит Мусрепов тарабынан мындан 83 жыл мурда коюлган. Ал кезде Евгений Брусиловский Ыбырай, Мухит, Жаяу Муса, Таттимбеттин чыгармаларын жана казак улуттук ырларын, күүлөрүн колдонгон.

Фото: astanaopera.kz