Казакстандык пианист Лондон сахнасында жеке концертин берди

Казакстандык пианист Лондондун тажрыйбалуу күйөрмандарын таң калтырды. Нургүл Нусипжанова жеке концертинде Александр Скрябиндин “Соната фантазии №2”, Пётр Чайковскийдин “Думка” сыяктуу белгилүү композицияларын аткарды. Мындан сырткары ал казакстандык авторлордун эмгегин да көз жаздымда калтырган жок. Белгилей кетсек, маданий иш-чара Казакстандын Улуу Британиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулду.

Пианист музыкага жакын үй-бүлөдө өскөн. Анын атасы Нургали Нусипжанов – белгилүү ырчы, Казакстандын эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауераты, ал эми апасы – музыка мугалими. Нургүл өзү болсо Алматыдагы таланттуу балдар үчүн республикалык адистештирилген музыкалык мектебин аяктаган. Кыз эл аралык сынактарда жеңишке жеткен, Нью-Йорктогу Карнеги-Холлдо өнөр көрсөтүү урматына ээ болгон казакстандык музыканттардын бири.

НУРГҮЛ НУСИПЖАНОВА, МУЗЫКАНТ:

- Казактын кайрадан иштелип чыккан ырларын коомчулукка тааныштырууну кааладым. Анткени аларды бир гана түп нускада фальклордук аспаптарда гана эмес, классикалык аспаптарда дагы ойноого болот. Эгер кимдир бирөөлөр кызыкса сонун болмок, ноталар менен бөлүшө алам. Биздин музыкалар абдан уккулуктуу.

Музыкалык шедеврлерден ырахат алуу үчүн абдан көп күйөрман келди. Иш-чаранын катышуучулары Казакстандын чыгармачыл кечесин татыктуу баалап, казак концерттерине тез-тез келип турарын билдиришти.

ЛОУРЕНС ШЕРВИН, КӨРҮҮЧҮ:

- Биз төрт казакстандык композитордун ар түрдүү чыгармасын тыңдадык. Дароо эле чыгыш атмосферасы көзгө урунду: дубал, гүлдөр жана тоолор. Мунун баары обон менен берилди жана бардыгы абдан шыктандыруу менен кооз угулду.

СКОТТ ЯН, КӨРҮҮЧҮ:

- Тим эле укмуш. Нургүл абдан талантуу. Ал техникалык жагынан гана таланттуу эмес, ал сезим¸эмоциялары менен бөлүшө билет. Бул менин көз карашымда баарынан маанилүү. Чындыгында ал өтө терең музыкант.

Белгилей кетсек, Лондондо Нургүл Нусипжанованын концерти – дебют болуп саналат. Азыр музыкант чоң пландарды түзүүдө. Пианистк келечекте чыгармачылык менен алектенүүнү жана өркүндөтүүнү пландаштырууда. Ал Жер шаарындагы элдердин бардыгы Казакстанды фортепиано мектеби жана Улуу талаа музыкалары аркылуу билет деп үмүттөнөт.

Фото: mfa.gov.kz