Казакстан: Кинотуризмдин жаңы багыты

Казакстан кинотуризмдин жаңы багытына айланышы мүмкүн. Өлкөнүн тубаса табияты менен көрктүү жерлерин өз көзү менен көргөн дүйнөнүн ири киностудияларынын өкүлдөрү ушундай пикирде. Алматы жана Маңгыстоо облустарын кыдырган киночулар Шарын капчыгайы, белгилүү Шеркала тоосун, жер алдындагы мечиттерин көрүп, аскадагы жолдор менен басып өтүп, өздөрүнүн таң калуусун жашырган жок. Кинематографисттер бардыгын тасмага түшүрүп, видеоматериалдарды Голливуддагы кесиптештерине тааныштырарын кошумчалашты. Чет өлкөлүк адистер бул сапар өзгөчө эргүү бергенин айтышат.

СИМОНА РОМАН, КИНОАКТРИСА, ПРОДЮСЕР:

- Казакстанга биринчи жолу келишибиз. Маңгыстоого келип, жомоктогудай өлкөдө жүргөндөй болдук. Табияты менен тарыхый эстеликтери таң калтырды. Бир гана тоо-ташы менен эмес, казак элинин тарыхы жана каада-салттары менен да таанышууга мүмкүнчүлүк алдык. Алган таасирибизди сөз менен жеткире албайбыз. Алдыдагы убакытта ушул өлкөдө тасма тартсак деген да мерчемибиз бар. Тасманын кандай багытта болору азырынча сыр.

Фото: Хабар 24