Алматыда «Денистин достору» шоусу өтөт

Теке айынын жыйырмасында Алматыда бул дүйнөдөн эрте узап кеткен көркөм муз тебүүнүн чебери, Сочи олимпиадасынын коло байгесинин ээси Денис Тендин урматына арналган салтанаттуу кече өтөт. «Денистин достору» аттуу бул жылкы программа өзгөчө болот. Көркөм муз тебүү аркылуу дүйнөгө таанылган спорт жылдыздары өнөр көрсөтүп, Денисти эскеришет. Ушул таасирдүү, кооз спорт түрүнүн чеберлери аткара турган коюлумдар Денистин музыкалык композициясы менен көркүнө чыгат. Бул – көркөм муз тебүүнүн чеберинин акыркы жылдары алектенген ири долбоорлорунан.

РЕНАТ ГАЙСИН, КОМПОЗИТОР:

- Бул шоуго Денистин бардык достору дүйнөнүн булуң-бурчунан анын туулган жерине келет. Алардын  катарында аты уламышка айланган дүйнөлүк жылдыздар, спорт чеберлери бар. Программанын дагы бир өзгөчө жагы – ал жерде Денистин чыгармалары аткарылат. Менин тилегим - бул шоуну көрүп жаткан көрүүчү Денистин биз менен бирге экенин, жарк этип жаткан жылдыздын түбөлүк жаныбызда экенин сезүүсү.

Спортчулар шоунун алгачкы бөлүмүндөгү 8 номеринде Денистин чыгармаларынын коштоосунда муз тебишет. Ал эми Орусиядан келген жуп Игорь ЕрЕменко менен София Шевченко Сочи олимпиадасында Денис Тенге коло сыйлык ыйгарган Шостакович музыкасына арналган программада коюлумду аткарышат.

ЕЛЕНА РАДИОНОВА, ЖАШТАР АРАСЫНДАГЫ КӨРКӨМ МУЗ ТЕБҮҮ СПОРТУНУН ЭКИ ЖОЛКУ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ:

- Мен бул кечеде 2014-жылы Денис өнөр көрсөткөн музыканын коштоосунда муз тебем. Ал «Mi Mancherai» (Ми МанЧерай) деп аталган композицияга эң сонун бийлеген. Бул абдан жүрөктү элжиреткен чыгарма мага да абдан жагат. Бардыгыңыздарды теке айынын жыйырмасында боло турган «Денис жана анын достору» кечесине чакырам. Денис биздин эсибизде түбөлүк калат, унутулбайт. 

Абдан таланттуу, көп кырдуу Денис Тен муз талаасында калкып, эң сонун өнөр көрсөткөндөн сырткары, ыр ырдоо менен алектенип, аны өзү аткарып, киносценарий да жазган. Ошондуктан ушул кеченин көшөгөсү анын автордук ыры менен ачылат.

Фото: azattyq.org