«Нурсултан Назарбаев: жаратмандык доору»: Ачык асман алдындагы көргөзмө

«Нурсултан Назарбаев: жаратмандык доору». Нур-Султанда дал ушундай аталыш менен фото көргөзмө өттү. Ачык асман алдындагы маданий иш-чара бир айга уланат. Көрүүчүлөр Биринчи Президент – Эл башы Нурсултан Назарбаевдин эмгек жолу менен фото жана сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгы аркылуу тааныша алат. Топтомдогу 90го жакын чыгармада борбордун калыптануу кезеңи, Нурсултан Назарбаевдин мамлекет тарыхындагы маанилүү жыйындары, өзөктүү жолугушуулары менен толукталды. Көргөзмө айрыкча чет өлкөлүк коноктордун көңүл чордонуна айланды.

ЖАНУЗАК МҮСАПИР, ШААРДЫК СҮРӨТЧҮЛӨР БИРИМДИГИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Биздин сүрөтчүлөр жараткан ушундай картиналар жана сүрөттөр аркылуу Нур-Султанга дүйнөдөн келген коноктор өздөрүнүн каякка келгенин, бул мамлекеттин кандай өзгөчөлүгү жана кандай байлыктары бар экенин жакындан биле алышат деп ойлойм. 

ЯНА ДИБЕР, ТУРИСТ /ГЕРМАНИЯ/:

- Биз ушул шаарды бир нече күндөн бери кыдырып, саякаттап жүрөбүз. Айрыкча Байтерек комплекси эң сонун экен. Түнкү шаарды кыдыруунун өзү өзгөчө таасир калтырды. Түнкү жарыктандыруу көңүл жибитет. Мен шаардын көрүнүшүн көп сүрөткө тарттым. Алган таасиримди унута албасам керек. Бул шаарга биринчи жолу келишим. Үч күн болдук. Башкы шаардан башка Казакстандын көздүн жоосун алган жерлери бар экенине ишенем.

Фото: aikyn.kz