Борбор калаада алгачкы жолу «Korpe Fest» фестивалы өткөрүлдү

Борбор калаада алгачкы жолу «Korpe Fest» фестивалы өткөрүлдү

Борбор калаада алгачкы жолу «Korpe Fest» фестивалы өткөрүлдү. Казактын улуттук жаздыктарын жана төшөктөрүн жасоодогу өзүнүн чеберчиликтерин көрсөтүү үчүн өлкөнүн бардык булуң-бурчунан жүздөгөн кол өнөрчү чогулду. Алардын баары белгилүү ата мекендик этно-дизайнер Ырза Турсынзаданын атайын окуу сабактарынан өткөн.

ЫРЗА ТУРСЫНЗАДА, ЭТНО-ДИЗАЙНЕР:

- Биздин эзелки кол өнөрүбүздү, байыркы салттарыбызды жаңыртуу аркылуу биз Улуу талаанын энесин, аял затын кайра кайтарабыз. Мен жыл өткөн сайын биздин айымдарыбыздын башкача болуп баратканын байкайм. Алар акылдуу, чыдамдуу болушкан. Мен нагыз аялды көрөм. Кол өнөрчүлөр эзелки, байыркы маданиятты сактайт.

Курак жууркан тигүү техникасы алыска барып такалат. Бирок, бүгүнкү күндө ал кайрадан калыбына келүүдө жана кеңири таанымалдуулукка ээ болууда.  Мындан тышкары, колдонмо көркөм өнөрдүн бул түрү айрым кол өнөрчүлөр үчүн хобби гана эмес, ошондой эле, бизнестин натыйжалуу түрү болуп саналат.

ГҮЛИМ ЕРЖАНОВА, КОЛ ӨНӨР ЧЕБЕРИ:

- Биз бири-бирибиздин эмгектерибизди көргөндө: бул колдон чыккан эмне деген дүйнө деп таң калып калабыз. Менин бул ишке кызыкканымдын себеби, бала кезимен көрүп чоңойгондугумдан улам. Менин чоң энем, чоң-чоң энелерим кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Биз да бир аз убакыт алектендик, албетте кийин унутулуп калды. Бүгүнкү күндө менин оюмча биз өз балдарыбызды, неберелерибизди ушундай көндүмдөргө мындан ары үйрөтүүгө, унуттурбоого тийишпиз. Анткени биз өз колубуз менен Казакстандын гүлдөөсүнө көмөктөшүшүбүз керек.

ЗИУАР ЖУМАНОВА, КОЛ ӨНӨР ЧЕБЕРИ:

- Менин максатым эле, ошол максатымдын бири орундалды. Ал Ырза хан айымдын мастер классына катышуу болчу. Ал кишини көптөн бери инстаграм баракчасынан көрүп жүргөм. Маңгыстоого барып, Актауда көбүнчө апаларга үйрөтөт. Албетте мен катышып жатканыма кубанычтамын. Уланта берсин деп айтам. Анткени көп адамдар  катышкысы келет.

Фестивалдын алкагында көп балалуу аялдар үчүн тигүү жана колдонмо искусство боюнча акысыз окутуучу сабактар, ошондой эле, казак элинин колдонмо искусствосунун ар кандай буюмдарынын көргөзмөсү болуп өттү.

Фото: bnews.kz