Нур-Султанда «Азия жаңырыгы» Эл аралык цирк өнөр фестивалы өттү

Нур-Султанда «Азия жаңырыгы» Эл аралык цирк өнөр фестивалы өттү

Көккө учкан акробаттар, акылдуу жаныбарлар, курч трюктар, түстүү костюмдар жана шаңдуу музыка. Казакстандын борборунда цирк искусствосунун «Азия жаңырыгы» 12-фестивалы өттү. 13 өлкөнүн 60тан ашуун артисти Нур-Султан тургундары менен конокторуна өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Цирк артисттери көрүүчүлөргө унутулгус эмоцияларды тартуулашты. Мисалы, Орусиядан келген катышуучулар бийчи пил менен сахнага чыкты. Анда Гиннесстин рекорддор китебине кирген жаныбарлар түрдүү трюктарды аткарышты. Артисттердин өнөрүнө эл аралык калыстар баа берди. Алардын катарында белгилүү актёр Чарли Чаплиндин баласы Юджин Чаплин бар.

КАМИЛА ХАМЕТОВА, ФЕСТИВАЛЬ КАТЫШУУЧУСУ, ӨЗБЕКСТАН:

- Биз бул фестивалга алгачкы жолу катышып жаткан жокпуз. Бирок ушул номер менен биринчи жолу чыгуудабыз.