Казакстанда «The Spirit of Eurasia» заманбап этникалык музыкалык фестиваль өттү

Ар түрдүү элдердин маданияты айкалышкан уникалдуу аянт. Казакстандын борборунда «The Spirit of Eurasia» заманбап этникалык музыкалык фестиваль өттү. Дүйнөнүн 14 мамлекетинен келген 13 музыкалык жамаат шаардын жашоочулары менен конокторунун алдында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Катышуучулардын жандуу үн менен ырдоосу этно-фестивалга катышып жаткан өлкөлөр тууралуу тасмалар менен коштолду. Көрүүчүлөр өзгөчө үнү менен таң калтырган улуттук музыкалык аспаптардын заманбап электрондук музыка менен эң сонун айкалышуусуна күбө болушту.

ЖАН КАСТЕЕВ, ФЕСТИВАЛДЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Ушул жылы биз, уюштуруучулар Нур-Султанда өтүп жаткан фестивалды Евразиялык континенттин намысын коргогон көп сандагы жамааттардын катышуусу менен өзгөчөлүк киргизүүгө аракет кылдык. Евразиялык катышуучулардан башка, африка континентинин намысын коргой турган жамаат да бар. Зимбабведен келген Mоkoomba группасы биздин фестивалдын өзгөчө жаркын түсү деп айта алам. Мындай жамаат Казакстанда гана эмес, жакынкы Бобор Азия мейкиндигинде буга чейин болгон эмес.

«ASHINA» ТОБУ /КАЗАКСТАН/:

- Биздин топ 2017-жылдан бери бар. Биздин репертуарларда өз чыгармабызды, ошондой эле, композиторлордун чыгармаларындагы ар түрдүү күүлөрдү ойнойбуз. Биздин музыкалык стилибизди «нью-эйдж» деп мүнөздөөгө болот.

Музыкалык шоу шаар күнүнө карата эң көрүнүктүү белектердин бири болуп калды. Белгилей кетсек, фестиваль Казакстанда жаштар жылынын алкагында өткөрүлдү.